– Жогорку Кеңештин депутаттары УКМКнын ишин көзөмөлдөй турган атайын парламенттик комитет түзүү демилгесин коомдук талкууга койду. Депутаттар УКМКны көзөмөлдөсө эле, реформа ойдогудай болуп, адилеттик өкүм сүрүп калабы?
– УКМК аткаруу бийлигине кирет. Конституция боюнча Жогорку Кеңеш аткаруу бийлигин көзөмөлдөөгө акысы бар жана милдеттүү. Азыр деле ЖКда атайын комитет бар, бирок ал комитет коргоо, эл аралык мамилелер жана улуттук коопсуздук боюнча. Атайын улуттук коопсуздукту көзөмөлдөө комитетин түзүү бул туура эле жөрөлгө. Бүгүн УКМКны президенттен башка эч ким тескебейт. Парламент да көзөмөлдөйт баштаса ал комитет дагы жоопкерчиликтүү иштейт. Мурунку президенттин кезинде УКМК кандай мыйзам бузууларга, саясий куугунтукка барганын көрбөдүкпү. Бирок, албетте, мындай парламенттик комитетке, анын мүчөлөрүнө өзгөчө талаптар коюлушу керек. Мамлекеттик купуя боюнча мисалы. Негизги идея: “парламент УКМКны көзөмөлдөш керек”- деген туура ой. Деталдарын дагы талкуулаш керек.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ