Menu

Беларус оппозициясы жалпы улуттук жаңы нааразылык жүрүшүнө даярданууда

Бөлүшүү:

16-августта Минсктин борборунда өткөн нааразылык акциясынын катышуучулары.

Беларуста жалпы улуттук жаңы нааразылык акциясы 23-августка белгиленди.

Жекшембиде оппозиция президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы бардык кишилерди “Жаңы Беларустун маршына” чогултууга ниеттенүүдө. Nexta.Live Telegram-каналында жарыяланган маалыматка караганда, акция түштө Минсктин борборунда жана башка шаарларда башталат. Президенттикке талапкер Светлана Тихановскаянын демилгеси менен түзүлгөн Координациялык кеңеш маанилүү программалык билдирүү жасай турганы күтүлүүдө.

Координациялык кеңештин жана башка бирикмелердин уюштуруучулары өткөн жекшемби, 16-августта Беларуста өлкө тарыхындагы эң ири нааразылык акциясы болгонун эске салат. Анда демонстранттар саясий туткундарды бошотууну, Александр Лукашенконун отставкасын жана киши өлтүрүүгө жана кыйноого тиешеси бар бардык күч түзүм кызматкерлерин соттоону талап кылышкан.

Мындан тышкары 19-августта ишке кирген Координациялык кеңеш бийликти тезинен сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырды. Кеңештин мүчөсү Мария Колесникова оппозиция конституциялык түзүм менен өлкөнүн тышкы саясий багытын өзгөртүүгө ниеттенбей турганын айткан.

9-августтан бери уланып жаткан массалык акцияларда жүздөгөн киши жаракат алып, жети миңдей адам кармалды. Үч киши набыт болгону расмий кабарланды.

19-августта Евробиримдик Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбасын жарыялаган. Мындан тышкары добуш бурмалоого жана нааразылык акцияларын күч менен басууга тиешеси бар адамдарга санкция салынарын билдирген.

9-августта өткөн президенттик шайлоодо Беларусту 1994-жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко добуштардын 80% алган. Бирок жарандык коом шайлоонун жыйынтыгы бурмаланган деп эсептейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: