Menu

Тажикстанда кардарларына ВИЧ жуктурган сойкунун иши сотко жетти

Бөлүшүү:

Тажикстандын Шаартуз райондук прокуратурасы 10 кишиге ВИЧ-инфекциясын жуктурууга айыпталып жаткан жергиликтүү тургундун иши сотко жөнөтүлгөнүн билдирди.

Азырынча сот жараянынын датасы белгилене элек.

Прокуратуранын маалыматына караганда, айыпталуучу 30 жашта жана анын эки баласы бар. Ал 2014-жылдан бери ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү борборунда каттоодо турганына карабастан, күйөөсү менен ажырашкандан кийин интимдик кызматтарды көрсөтүүсүн уланта берген. Анын айрым кардарлары телефон чалуулар жана смс-билдирүүлөр аркылуу аныкталган. Тергөөчүлөрдүн билдиришинче, алардын баары Шаартуз районунун тургундары жана көбүн үйлөнө элек жаштар менен үй-бүлөлүү кишилер түзөт.

Тергөө аялдын интимдик кызматтарынан кеминде 10 киши колдонгонун аныктады. Азырынча алардын канчасына ВИЧ жукканын так айтуу мүмкүн эмес, анткени вирус адамдын организмине киргенден кийин жарым жылдын ичинде билинет.

ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү боюнча жергиликтүү борбордун жетекчиси ​Акрам Давлатовдун айтымында, айыпталып жаткан аялга бул ооруну жайылтуу үчүн жоопкерчилик каралганы эскертилген. «Биз ар бир мындай адамдан тилкат жаздырып, кол койдуруп алабыз. Учурда райондогу ВИЧ борбордо 90 адам каттоодо турат», — деди ал.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: