Элдин сотторго болгон ишеними таптакыр нөлгө түшүп калды. Сот системасын чукул арада реформалоо зарылдыгы байма-бай айтылып жатат. Мына Жогорку соттун үч судьясына кылмыш иши козголду. Коомчулук Жогорку соттун судьяларына кылмыш ишинин козголушун буга чейин өлкө тарыхында боло элек көрүнүш катары сыпатташып, тазалоо башталганын айтышууда. Ал арада Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, «Сотторго элдин ишеними өстү» – деп ооз ачырды. Бул жагдайды эксперттер өз калпына өзү ишенип алган Апендинин жоругуна салыштырышып, «айылга барып эле мал бакса жарашчудай» деп сынга алышты.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ