Menu

Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат: “Бүгүнкү бийлик менен кашык каным калганча салгылашам. Катуу турам!”

Бөлүшүү:

Мезгил-мезгили менен саясый сахнага “жарк” эте чыга келген Мээрбек мырза бүгүн кайрадан көпчүлүктүн көңүл чордонуна алынууда. Кылмыш иши козголуп, башына иш түшкөн каарманыбызга карата айрым суроолорубузду жолдодук. Каны кайнап тургангабы, биздин соболдорубузга эмоционалдык дух менен жооп узатты.  

— Мээрбек мырза, кечээ Атамбаев менен бир кайыкта жүргөндөр бүгүн андан шарт куйругун кесишип, Сооронбай Жээнбековдун кемесине өтө качышты. Мындай шартта Атамбаевдин командасынын белгилүү мүчөсү катары сиздин позицияңыз кандай болуп жатат?

— Учурдагы балээнин баары ошол позицияда болуп жатпайбы, үкам. Бүгүн мага карата “Мээрбек, элдин баары Сооронбай Жээнбековдун кемесине өтүп кетишти, өтпөгөн “атамбаевскийлерге” жоктон бар кылып кылмыш ишин козгоп жатышат, 17-мартта азыркы бийликке, өзгөчө Асылбек Жээнбековго каршы эмнеге сын айтасың?” деп элдин баары жемелешүүдө. Бүгүнкү бийликтин логикасы менен мен “Мегакомдон”, “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинен кетүүгө аргасыз болдум. Ошого карабай мага жакында болбогон жарлыктын негизинде иш козгоп коюшту. Мунун себеби деле жөнөкөй, “Форумга эмнеге барасың? Атамбаевди сатпайсың, ал тараптан кет да” дегенчилик кылып жатышат. Макул, мен бүгүн атамбаевчил экенмин, а мен тээ мектепте окуп жүргөн кезимден бери ошол Атамбаев менен 25 жыл дос болуп, ал киши өлкө башында турганда “улуу урматуу Алмазбек Шаршенович, сиз тарыхта каласыз, биринчи указым менен Эл баатырын берем” дегендер атамбаевчи эмеспи? Бүтүндөй бир туугандары спикер, премьер-министр, элчи болуп мамлекеттик кызматтарды баса жыгылгандар атамбаевчи болушпайбы? Туура, ушул жылдын 17-мартында азыркы бийликке карата сын-пикиримди жолдодум. Ошондой сыным менен бүгүнкү бийликтин таза болушун, “үй-бүлөлүк башкарууга жол берилбесе, Асылбек Жээнбеков башкарууга кийлигишпей, Сооронбай Шарипович элдик президент болсо, ал кишини баарылап жабыла колдойлу” деген адилеттүү пикиримди айттым да. Көрсө, булар адилеттүү сынды өздөрүнүн деңгээлине жараша түшүнүп алышып, ошондон бери мына төрт айдын жүзү болду мага карата саясый куугунтук кылып, коркутуп-үркүтүп, эчтеке чыкпаган соң адилетсиз жагдайда кылмыш ишин козгошуп, камоого аракет кылып жатышканын кайда катам? Мен булардын камап койгонуна эч кандай коркуп-үркпөйм. Камамак тургай, башымды алышса да азыр баардыгына даяр турам. Катуу турам, артка кайтмай деген менде жок! Азыр мен тээ ала жазда айткандай, үй-бүлөлүк башкарууга жол ачылып жатканы жалганбы? Парламенттеги “жалпы Кыргызстандын кан кудасы”, күйөө бала, бир туугандары тымызын тамырлашып баратканын жалпы эл айтып жатканы боюнча күбүр-шыбырларды кайда катабыз? Ушундай темп менен булар үй-бүлөлүк, кландык, криминалдык режимге айланышпайт деп ким кепилдик бере алат?

— Сиздин ошол пикириңизден кийин айтылуу Асылбек Жээнбеков өзүңүздү чагымчылдыкка теңегени бар. Айтыңызчы, бүгүн ошол “серый кардиналга” тийише коюп, курмандыкка чалынып кетпейсизби?

— Эми биз курмандыкка чалынып эле жүргөн балдарданбыз да. Мен интернатта чоңойгон, бар-жокту көргөн, беттегенимди бербей жүргөн көкбет жигиттердин биримин. Анан эле “өлтүрүп коёт, кыстырып коёт, тынчытып коёт” деген өңдүү кептерден коркпойм. 2010-жылы Бакиевдердин аткан огунан жалтанбай, ажалга тике карап, үй-бүлөлүк, криминалдык башкарууга каршы чыккам. Ошондо жүздөгөн мекендештерим окко учуп кете беришти. Эмне, менин ошолордон жаным артык бекен? Мен өлсөм да чындыкты айтып өлөм! Эскертип коёюн, мен жөн өлбөй турган баламын. Эң болбоду дегенде чыркыраган чындыкты айтып жыгылам. Бүгүн парламент депутаттары кимдин кабылдамасында кезек күтүп отурушат? Өкмөттү көмүскөдөн ким башкарып жатат? Баардык жерде “серый кардинал” Асылбек Жээнбековдун аты аталып жаткандыгын кайда катабыз? Ушундай чындыкты жанагы парламенттеги 120 жүзү жок депутаттар эмнеге айтпайт? Ушунун баарын айткандан баары коркушат. Алар эртең астыларына Бакиев келсе деле “хоп, майли” деп иштеше беришет. Аларда намыс деген жок. Мындай шартта мен чыркыраган чындыкты эмнеге айтпашым керек? Мен эмнеден коркушум керек? 2010-жылы 7-апрелде кансырап, ок тийген балдар жээнбековдор үчүн баштарын сайып чыгышты беле? Бүгүн “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмеси эң чоң күчкө айланып, партиялардан да дарамети күчтүү болуп бараткандыктан бизге каршы кутум уюштурушуп, бизди ичтен бөлүп-жарышып, акыры мени кетирүүгө аракет жасашты. Алтургай кылмыш ишин козгошту. Азыр биздин бирикмеде 500гө жакын менден да кыйын, күчтүү балдар бар. Катуу турушат.

— Сооронбай Шариповичтин коррупцияга каршы күрөшүн кантип колдобой коёбуз? Же анысы силерге сезилбей жатабы?

— Сооронбай Шариповичтин азырынча жакшы иштерин билбейт экенмин. Туура, мечитке барып намаз окуйт экен, катардагы жарандар менен бирге учак менен учат экен, жансакчысы жок жүргөнүн, орозо кармаганын билебиз. Эмне, андан башка иши жокпу? Экономиканы көтөрсүн, башка олуттуу иштерге баш салбайбы? Көрсө, бүгүнкү бийлик реформа дегенди түшүнбөйт окшойт. Коррупцияга каршы күрөш дейсиңер? Коррупцияга каршы күрөшсө биринчи Асылбек Жээнбековду камашпайбы? Же Аскарбек Шадиевди качырышпай кармап калышпайт беле? Азыркы кылынып жаткан иштердин баарысы Алмазбек Атамбаевдин баштаган демилгелүү аракеттери экенин баса белгилеп айта алам.

— Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун кармашында сиз кыргыздын макалындагы “экөө дөө кармашса, ортодо бейажал чымын өлөт” деген образды жаратып калбайсызбы?

— Эми андай иш башыман өткөн да. Кезегинде Атамбаев менен Текебаев кармашканда ортого кыпчыла коюп, депутаттык мандатымдан ажырагам. Атамбаев менен Жээнбеков уруша кетишсе, менде эмне күнөө? Адилеттүү пикиримди айтканым үчүнбү?

— Күзгө карай экс-президент Атамбаев бүгүнкү бийликке каршы катуу жаалданып, күрөштү баштаары каңкууланууда. Мындай шартта сиз дагы бүгүнкү бийликке каршы күрөштү күчөтөт экенсиз да ээ?

— Жеке өзүмдүн бүгүнкү бийликке каршы чыгайын деген деле оюм жок. Болгону сырттагы көрүнүштү эч жымсалдабай, ачык айтып, адилеттүү позициямды билдирип турушум абзел. Мени бүгүнкү бийлик өздөрүнө оппонет кылып жатышса, бир эсе күлкүм келсе, бир эсе ыйлагың да келет экен. Бүгүнкү бийликтин деңгээли менин деңгээлиме түшсө, анда булардын иши чатак тура. Туура, бүгүн менин сөзүм өтүмдүү болбойт. Бирок, бир убакыт келет. Ошондо менин айткандарымдын баарысы чынга чыгат. Көрөсүңөр! Шашпай тургула. Ашып кетсе 3 же 4 айдан кийин бүгүнкү бийликтин дарамети канчалык деңгээлде экендигин элибиз жакшы түшүнүп калышат. Кудай буюруп, ден соолугум чың болуп, алтын башым аман болсо, бүгүнкү бийликтин ыплас саясаттарынын далай ирет шылый чаап, жүздөрүн ачам. Бул жагынан кашык каным калганча салгылашам.

— Сооронбай Шариповичтин учурунда Атамбаев доорундагы эки өкмөт башчыны камады, бир катар тиешелүү министр, жетекчилерди желкесинен сүйрөтүп келип каматып, жемкорлукка каршы эбегейсиз күрөштү жүргүзүп жатканы боюнча да чындыкты адилеттүү пикириңиз катары айтып чыга аласызбы?

— Туура, коррупцияга каршы күрөш болушу керек. Бирок, тегиз болсун да. Бишкек ТЭЦи боюнча келишимди Жантөрө Сатыбалдиев түзгөн, а ТЭЦти ким кабыл алды эле? Маселеге туура көз жүгүртпөйлүбү? Бишкек ТЭЦи Сооронбай Шарипович өкмөт башчы кезинде кабыл алынгандыгы жалган беле? 600 долларлык кычкачты ким кабыл алды эле? Ошол убактагы спикер катары Асылбек Жээнбековдун жоопкерчилиги Бишкек ТЭЦи боюнча эмнеге каралбайт? Үкам, менде суроолор толтура, кана, кимисинин жооп бергенге духтары жетет? Азыр коррупцияга каршы күрөш эмес, өзүнүн бийлигин чыңдоого болгон аракет болуп жатат. Бишкек ТЭЦине байланышкан кылмыш иштеринин келечеги жок, мунун аягына чыгышпайт. Ушуга ишенип койгула! Камоолор менен Кыргызстан өнүгүп кетпейт да, эгерде абакка отургузуулар менен өлкөбүз өнүгүп кетсе баарыбыз барып отуруп алат элек го…

— Сизди коомчулук кандай болгон күндө да Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязовдун жакын адамы катары сыпатташат. Бүгүн береги эки замандашыңыздын абалдары кандай? Алдыдагы саясый пландарынан сиз менен да кеңешип жатышабы?

— Экөөнүн тең кандай позицияда экендиктерин азырынча билбейм. Бирок, өзүмдүн оюм боюнча Алмазбек Шаршенович аябай адашты, алданды. Болгону ошондой жаңылыш кадамын гана так билем.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ    

Булак: “Азия Ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: