– Адамды эмне бузат?
– Адамды азыркы учурда байлык экинчи бийлик бузат! Биринчисине токтоло кетсем. Акча үчүн коомдо эмнелер болуп жатат. Акча үчүн адамдар керек болсо эң жакын досун сатып кетип, бир тууганынан кечип кетип жатышат. Ата-энесин бакпай, карылар үйүнө өткөрүп коюп жатышат. Атасынан калган бир үйдү талашып, бет карагыс болуп жатышат. Кредитке белчесинен батып калып төлөй албай, кыйналганынан ичип кетип жатышат. Үй-бүлө бузулуп, балдар орто жолдо калып жатышат. Мунун бардыгы акчанын айынан адамдардын бузулганы. Ал эми экинчиден, бийлик адамды бузат. Бийликке келген айрым адамдардын көзүн май басып, айланасындагы карапайым элди көрүү кыйынга туруп калат. Дегеним, дагы улам бийиктикти эңсеп, бийиктеген сайын ары жагы кызыктуудай сезилип отуруп жөнөкөй жашоодон алыстап, жасалмалуулукка жетеленип калышат. Бул да адамдагы касиеттин, жеке сапаттын жоголушу.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ