Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, 9-июль күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер боюнча Ош шаарынын жана Ош облусунун жарандарын кабыл алды. Бул тууралуу Ош шаардык жана Ош облустук ИИБдин Басма сөз кызматтары билдирди.
Сүйүн Өмүрзаков жеке өзү кабыл алуу менен жарандарды тынчсыздандырган көйгөйлөрүн угуп, Ош ШИИБдин башчысы, милициянын полковниги М.Нурдинов менен Ош ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги М. Бороновго мыйзамга ылайык ыкчам чечүүлөрүн тапшырды.
Кабыл алууга 24 жаран келип, алардын кѳпчүлүгү туугандарына байланыштуу козголгон иштерди акыйкат чечип берүүнү суранышса, айрымдары тескерисинче жабыр тарткан тараптын туугандары болуп, күнѳѳлүү адамдарды катуу жазага тартып берүүнү суранышкан. Андан сырткары, Ош шаарындагы социалдык көйгөйлөрдү чечип берүүсүн дагы суранышты. Милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө тиешелүү кайрылуулардын көпчүлүгү жеринде чечилип, калган арыздарды тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөөрүн билдирди.
Жарандар ИИМдин жетекчилигине жеке кабыл алуу менен кайрылууларын, арыздарын, андан сырткары көтөрүлгөн маселелерди ыкчам чечип бергендиги үчүн терең ыраазычылыктарын билдиришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ