Menu

Экс-премьер министр Темир Сариевге оңтойсуз суроолор?..

Бөлүшүү:

– Темир Аргембаевич, мына азыркы кезде ТЭЦтеги чырдуу окуяга байланыштуу эки экс-премьер министр баш болгон ондон ашык чиновник камалды. Депутаттык комиссия жоопкерчилик тартыш керек дегендердин арасына сизди да кошту эле. Бирок сиздин кылыңыз кыйшайган жок. Кардан ак, сүттөн тазасызбы? Же бийлик менен келишип алдыңызбы? Балыкчы – Корумду жолун өзүм билемдик менен каржы булактарын көрсөтпөй баштап салдыңыз эле. Бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй, акча жок аягына чыкпай турат. Дал ушул иште кытайлардан 6 миллион доллар пара алганыңыз айтылып, козголгон кылмыш иши эмне болду? Тергөө эмне үчүн аягына чыкпай жатат? Сиз атайын создуктуруп жатасызбы же тергөөчүлөр туура эмес кылмыш ишин козгоп алып айлалары кетип жатабы? Премьер кезиңизде Аксыдагы Үңкүр-Тоону Өзбекстандыкы катары таанып жибергениңиз тууралуу документ жарыяланып, коомдо чоң чуу чыкты эле. Сиз караманча танып кеттиңиз. Эмне максатты көздөп мындай кадамга бардыңыз эле? Сизди жаңылтыштыбы же чын эле жалган маалыматтын курмандыгы болдуңузбу? Президенттик шайлоодо элден мурун жээлигип чыгып, «чабал өрдөк эрте учат» болуп республика боюнча 40 миңден бир аз ашык добуш араң алдыңыз. Токсон миң шайлоочусу бар өзүңүздүн Сокулуктан болгону 5 миң добуш алып, атаандаштарыңызга утулдуңуз. Аброюңузга ардандыңызбы? Эми сизге бирөө-жарым ишеним артат деп ойлойсузбу?

Булак: “Фабула” 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 10 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: