Menu

Илмияновдун жээни кызматтан алынды

Бөлүшүү:

Катардагы ППСтен Кызыл Кыя шаардык милиция начальнигине жеткен Икрам Илмияновдун бир тууган жээни Акжол Ашырбаевди кечээ Сүйүн Өмүрзаков иштен алды.

10-июлда Баткен областтык ички иштер башкармалыгынын 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгына арналган чогулушта  ИИМдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков тарабынан Баткен областынын бир катар жетекчилери катуу сынга дуушар болушуп, айрымдары тартиптик жазага кириптер болушту. Мындай катуу манайдагы чогулуш мурда, кийин болбогондугун, кемчиликтер ачык айтылып жана аны тез арада жойу маселеси да кабыргасынан коюлгандыгы белгилүү болду. Алардын арасында Икрам Илмияновдун бир тууган жээни Кызыл Кыя шаардык милиция начальниги  Акжол Ашырбаев  кызматтык ишмердүүлүгүн аткаруудагы кемчиликтери ачык айтылып иштен айдалды. Бир кездерде ППСте сержант болуп иштеп жүрүп эле Баткенди оңду-солду калчап турган Икрамдын тушунда, анын колдоосу менен тез эле көтөрүлүп олтуруп, акыры Кызыл Кыя шаарын башкарып калганы айтылууда.  Анын секиригине карапайым баткендик милициялар нааразы болушкан. Себеби, маңдай тери, ак эмгеги менен иштегендер азыр деле катардагы кызматтарда иштеп келе жатышат. Чогулуш аяктаган соң ортого киши салып өз арызым менен кетейин деп жалдыраганы, ага жан тартып Баткен областтык милициясынын башчысы Ашым Тагаев да “жан соога” деп катуу ортого түшкөнүн уккандар болуптур. Бирок Сүйүн мырза, ар ким өзүнүн кетирген кемчилиги үчүн өзү керт башы менен жооп бериш керек деп принципке катуу туруп, моюн толгоп укпай коюптур. Ошентип, шайы кеткен Икрам таякеси аркылуу доорон сүргөн дагы бир жетекчи кемчиликтери үчүн иштен айдалып облмилициянын башчысы А.Тагаевдин көзүн карап  кылгырган бойдон калыптыр.

Адилет Токтосунов, Кызыл-Кыя шаары

Булак: “Ачык сөз”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: