Астана 625 этникалык казактын Кытайдан чыгуусуна киргизилген чектөөлөрдү жоюу боюнча Пекин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов билдирди.
Кабарчы министрге «Казакстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө» айыпталып жаткан этникалык казак Сайрагүл Сауытбайдын иши боюнча сурады.
«Бул боюнча кытай кесиптештер менен жигердүү иш алып барып жатабыз. Мен Кытайдын тышкы иштер министри Ван Им менен сүйлөштүм. Орун басарым атайын миссия менен Синьцзянга барып келди. Казакстан жарандарынын кызыкчылыгына байланышкан бардык маселелер ачык талкууланууда жана алар тууралуу басылмаларга дайыма билдирип турууга аракет кылып жатабыз», – деди Абдрахманов.
Анын айтымында, учурда 625 этникалык казактын Кытайдан чыгуусуна киргизилген чектөөнү жойдуруу тууралуу маселе каралууда.
«Бүгүнкү күнгө карата Казакстан ТИМине жардам сурап кайрылган 19 адамдын 14үнүн маселеси чечилди. Алардын кош жарандуулугу болгондуктан, Казакстанга чыгып кетүүсүнө чектөө киргизилген болчу. Андан тышкары быйыл июндун башынан тарта Кытай жарандыгынан 1870 этникалык казакты жеңилдетилген тартипте чыгарууну макулдаштык», – деди Кайрат Абдрахманов.
Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ