Баткен ОИИБнин начальниги Ашым Тагаев деген сабатсыз эргул бар. Канча жылдан бери аталган кызматын аркалап отурса да, эч бир жылышы жок, «өгүз өлбө, араба сынба» таризинде келатат. Тагаевди учурунда облуска начальник кылып Икрам Илмиянов дайындаган. Ошондон тарта мурдун шор тартып, деңгээли пас болсо да эрдемсип жүргөн. Эми ИИМ дал ушундай элдин жүгүн тарта албаган, сабатсыз кадрларды анализдеп, текшерүүгө алган соң жыйынтык чыгарышы керек да. Бул эргул башта Икрамга таянып, «погума куурай сая албайсыңар» деген таризде бакылдаганын укканбыз. Эми шопур жок да, адилеттүү чечимди чыгарса болобу? Же ишин тыңдай албаса деле милициянын кадырын кетиришип, артка тарта беришеби?
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ