Menu

Илмиянов жана шериктери коррупцияга каршы күрөштү тоготушкан жок

Бөлүшүү:

«Мамлекеттик кызматкерлердин байлыктары, мүлктөрү каяктан келгени боюнча текшерүүгө алуу керек» деп президент Сооронбай Жээнбеков эң туура айткан. Эми мындай демилгелүү кеп иш жүзүнө ашуусу зарыл. Бүгүнкү чиновниктерден сырткары да мурдагы бийликтердин «бөрк ал десе баш алган» аткаминерлеринин эсепсиз байлыктары кайсы айлык акысы үчүн табылганы иликтенбесе, эртең Соке эл алдында сөзгө сынып калышы мүмкүн.

Маселен, шопур, кийин үлкөн чиновникке айланган Икрам Илмиянов эки кызын Нью-Йорктогу жеке менчик мектепке кайсы акчасына окутуп жүргөнүн тергөө органдары сурабайбы? Андан сырткары, Сокулук районундагы «Фрунзе» совхозундагы күлүк аттары, күтүрөгөн мал чарбасы, о.э. Бишкектеги үйлөрү, дээрлик дүнүйө-мүлктөрү кайдан келген? Жети жылдан берки декларациясын текшерип, ага удаа байлыктарын кимдерге жаздырып жүргөнүн иликтесе эле «жыландын башы» чыкпайбы?..

Баса, буга чейин Икрамдын «кол баласы» коомчулукка дүң болгонун унутуп калдыңарбы? Алмаз Маткасымов УКМКда сотторду көзөмөлдөө боюнча «кызматын» аша чаба аткарып, жексур көрүнгөнүчү? Мыйзамдуу эмес, «жекече түшүнүктөр» аркылуу соттордун чечимдери чыгып келгени, канчалаган адамдардын тагдырлары талкаланганычы? Кызыгы, Маткасымовдун УКМКдагы кылыктары билинип калганда, аны ИИМдин жашыруун кызматына, тыңшоочу бөлүмдүн орун басарлыгына которуп жиберишет. Көп өтпөй Жогорку Кеңештин трибунасынан 20-апрелде Тынчтык Шайназаров ИИМ жетекчилигине жаңы бараткан Кашкар Жунушалиевге кайрылып, «Алмаз Маткасымовдун прессага чыгып аткан тирукмуш жоруктарын текшерип, баа бересизби?» дейт. Дал ушул сөз айтылар замат Маткасымовду жумуштан алууну «19-апрелге жылдырышып», буйрук чыгарып коюшат. Айтор, кайсы жагынан караба – будамайлоо! Эмне, жумуштан кетирүү менен гана жазасы бүттүбү? Жо-ок! Мунун дагы мал чарбасы, кымбат баалуу үйлөрү, машиналары кайсы бизнеси аркылуу топтолгонун текшеришпейби? Же «сотторду соргону» үчүн эч кимди тоготпойбу?..

Кыскасы, мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүшүп, эл ырыскысын уурдагандарды санай берсек өтө көп. Эми иш жүзүндө Икрам Илмиянов, Алмаз Маткасымов жана Манас Арабаев аттуу «соттордун үстүнөн иш кылган», коомчулукка жексур көрүнгөндөр жазасын алышабы? Же тиешелүү жерлерге берчүсүн берип, кылтакка илинбей калышабы?.. Күтө туралы.

Бетти даярдаган Кубат КАРАЧЕВ

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: