Рубрика сынына бул сапар ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди чыгардык. Ооматы артып, экинчи ирет бул тармакты башкарып жаткан милициянын генерал-майору ИИМ системасындагы «дыңды бузуп», эл күткөн реформаларды жасай алабы? Калкка ырайымсыз мамиле кылып, укук тебелеген алкы бузук кызматкерлерди тазалоого алы жетеби? Эмесе, бүтүндөй өмүрүн бул тармакка арнаган генералдын өзүнө жана ишине карата коомчулук көзүндөгү эрендердин пикири кандай экенине кызыгып көрдүк.
– Кашкар инимди өткөн кылымдан бери, тагыраагы, тээ 1984-жылдардан тарта анын участкалык инспектор болуп иштеп жүргөн кезинен билем. Ал менин көз алдымда ишин жакшы билген, тың, зирек кадр катары ушул даражага чейинки кызматтык тепкичтерди этап-этабы менен басып келе жаткандыгы менен айырмаланып келет. Жетекчи болобу же жигитчиликтин шарты менен караган күндө деле ал айткан сөзүн убагында так аткарганга аракет кылат. Өзү жетекчилик кылган тармактагы тажрыйбалуулугу менен айырмаланат. Мындай жетекчи бүтүн күчкө, ташкындаган энергияга толуп турат. Ал дагы да эл-жер үчүн, мамлекетибиздин коопсуздугу үчүн тер төгүп алыстарга чуркай алат. Бул жагынан министрге ишенсек болот. Анын калкыбыздын коопсуздугу үчүн кылган түмөн түйшүктүү ишине ири ийгиликтерди гана каалайм.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ