Menu

Кайсы мамлекет болсо да анын келечеги элдин саламаттыгы менен билим тармагы. А бизде экөө тең аксап жатат! Же жалганбы?

Бөлүшүү:

Медицинасы эбак эле өнүгүп өскөн, адамдын алты органын бир операциянын учурунда ал­маштырганга жетишкен Аме­рикага Барак Обама президент болуп шайланганда ал аталган өлкөнүн медицинасында ушун­дай жетишкендиктер бар эке­нине карабай «менин негизки миссиямдын бирден-бири элдин саламаттыгына кам көрүү» де­ген. Айткандай эле анысын аткарды. Б. Обаманын тушунда Америка Кошмо Штатын­да медицинага өзгөчө көңүл бурулду. Эл­дин саламат­тыгы туура­сында бул жактагы эле Лукашенко менен Путин эмне деп атат? «Элдин саламат­тыгы менен билим тармагы мамлекеттин башкы көзөмөлүндө болуш керек, анткени дени сак улут менен билимдүү эл гана ийги­ликке жетишет» деп атышат. А биздечи? Аталган эки тармак тең аксап турат. Азыркы жаңы башчыларыбыз «эл» десе тим эле жыргатат. А турмуш чынды­гында андай болбой жатпайбы. Ошол эле саламаттыкты сактоо министирлигин алалычы, ми­нистр Космосбек Чолпонбаев деген врачтык түйшүктүн бир да тепкичин басып көрбөгөн. Кесиби дары-дармек саткан бо­юнча адис. Аныбыз жада калса ошол дары-дармектерди да эп­тей албай жатат. Кыргызстанга эмне дарылар келип жатканын министирликте көзөмөлдөгөн жан жоктой. Экинчиден, экс­перттер Россия, Казакстан, Өз­бекстанда дарылардын баасы арзандаганын айтып жатышса, бизде тескерисинче 15-16 эсеге чейин жогорулап кеткенин ай­тып зар какшашууда. Мындай коңгуроону өкмөттөгү көзүр­лөрүбүз көңүл борборуна алып андай шалаакылыкка чара кол­донгонун деле укканыбыз жок. М. Абылгазиев болсо өзүнчө эле МАИлердин ала таягын сүйлөп атат. Кыскасы, ажо менен ко­жобуз ушу тапта элди убадалар менен гана «жыргатып» жаткан­дай. Антишкени менен акыры «жөжөнү күздө саноочу» убакыт да келет. Дагы бир «трагикоме­дия» Мухаммедкалый Дүйшеке­евич ала жазда Космосбекти ми­нистр кылам деп парламентке алып келгенде айтып атпайбы, «эгер иштей албаса 6 айдан кий­ин алып салам» деп. Бул эмне де­ген сөз? Же бүтүндөй бир мам­лекеттин элинин саламаттыгын сактаган министирликтин крес­лосу экспремент өткөрүүчү жай­бы? Улам бир министирди 6 ай сайын алмаштырып тургандай.

Ал эми өлкөнүн келечегин аныктаган билим берүү жаа­тында медицина тармагынан кем калбаган шоркелдей абал далайдан бери өкүм сүрүүдө! Гүлмира Кудайбергенова деге­нибиз министр болуп келгени коомчулуктун сындан башы чы­кпай келет. Ал айымдын «рефор­масы» ушул: «орто мектепте 12 жыл окуш керек», (бул эмнеси кокуй?) дагынкысы, титулдук улуттун өзөгү болгон «кыргыз тили менен кыргыз адабиятын окутууну кыскартыш керек»… Кудайбергенованын дагы бир күйдүргөнү мектептерде маяна­нын аздыгынан алтын кесиптин ээлери аргасыздан үй-бүлөө, бала-чакасын багыш үчүн ан­сыз деле башка иштерге арга­зыздыктын айынан кетип жа­тышса «мугалимдердин санын да кыскартыш керек» деп атат. Бул эмне деген жорук? Эмне де­ген келечек?

Өткөндө Жогорку Кеңеште Жогорку сотко судьялыкка элек­тен өтүп жаткан Кыдык Жунуш­баев деген соттон эл өкүлдөрү «калыс судя болуш үчүн, жакшы иштешиңер үчүн сиздердин ма­янаңыздар канча болуш керек дейсиз?» дешсе, Кыдык мырза уялып этпей эле «100 миң сом болсо дурус болмок» деп атпай­бы. Между прочем ошол судья­ны депутаттар 70 добуш менен Жогорку Соттун судьялыгына өткөрүп коюшту. Муну эстеге­ним сот болобу, президент боло­бу баарыбызга билим мөмөсүн берген бул мугалим! Бизге «а» тамгасынан баштап үйрөтүп чыныгы турмуштун жолуна аз­дектеп даярдаган кагылайын ошол эже-агайлар! Баса, маяна демекчи, азыркы президент Со­оронбай Жээнбеков президент­тикке ат салышып жаткан учур­да, үгүт иштери жүрүп жаткан маалда Ысык-Көлдүн Түп райо­нундагы Карымшаков атындагы орто мектепке барып, мугалим­дер менен жолугушуп: «Менин кыялым – мугалимдик ке­сипти ардактуу ке­сип эле кылбастан жогорку акы төлөнүүчү ка­тегориядагы кесиптер­дин ката­рына кир­гизем. Эгер мен прези­дент болсом мугалимдер­дин айлык ма­яналарын 30-40 миң сомго чейин көтөрөм. Андай ре­сурсту табам» деген жалын­дуу убадасын айткан. Аны уккан Кыргызстандагы мугалимдер Жээнбековго алкышын айтып, алды көздөрүнө жаш алганга чейин барыптыр деген кептер чыккан. Андай алтын убаданы угуп алып чынында мугалим­дер эле эмес баарыбыз кубан­ганганбыз. Ал эми билим берүү тармагынын №1 кишиси Гүлми­ра Кудайбергенова болгондо да парламенттен «жаш мугалим­дердин айлык маянасы канча?» деген депутаттардын суроосуна жооп бере албай жер каратпады­бы ошондо…

Жогорку эки министрликте эле эмес, бүгүнкү өкмөттө начар кадрлар, ал тургай өтө начар ка­дрлар өлгүдөй эле көп. Аны кы­ска убакыттын ичинде эле элдин көпчүлүгү сезе баштады. Чын, ушундай көрүнүштөргө күбө болуп жатып күн өткөн сайын «биз кайда баратабыз, кайсы жолго түшүп баратабыз?» деген санаа жан дүйнөнү эзгилечү бол­ду. Чын эле кыргыз көчү кайда баратат?

Кенжебек АРЫКБАЕВ

Булак: “Айгай”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: