Массалык маалымат каражаттарынын ичинен гезиттерден тышкары теле-радио дагы коомдо өзгөчө ролду ээлейт. Улуу жазуучу Чыңыз Айтматов так баасын бергендей «журналистика кайсы доордун болсо да башкы каарманы». Ошон үчүн алар төртүнчү бийликтин ээси. Өз учурунда кыйын император аталган Б. Напалеон да «үч армиядан үч гезит күчтүү» деп бекеринен айтпаса керек. Бул эми өзүнчө кеп. Айталы дегенибиз, акыркы учурда мына ошол массалык маалымат каражаттарынын бир канаты болгон телевидение айдыңында кадрдык өзгөрүүлөр биринин артынан бири коендой окшош уланып келет. Мисалы, үстүбүздөгү жылдын май айынын башында көрөрмандардын арасында өз орду бар «5-канал» ТВснын директорлугуна журналист Эрнис Кыязов дайындалса, андан көп өтпөй УТРКнын генералдык директорунун орун басары болуп Шайырбек Абдрахманов бекитилди. Өткөн жуманын этегинде премьер-министр М. Абулгазиевдин буйругу менен мамлекеттик ЭлТР телеканалынын генералдык директорунун орун басарлыгына 29 жаштагы журналист Жумамидин Сулайманов дайындалды. Албетте бул үч жигит тең өз кесиптерин мыкты билген адистер дечи, бирок Кыргызстандын түндүк тарабынан журналист калбай калгансып үчөө тең өлкөбүздүн түштүк тарабынын уулдары болуп жатканы бир аз ыңгайсыз ойду жаратат экен. Эрнис Кара-Суу районунан, Шайырбек Аксыдан, Жумамидин Ала-Букадан. Негизи эле Кыргызстандын эң жогорку бийлигини башкы тагына жаңы башчы келгени эл оозунда президенттик адиминстрациянын орун басарынан тарта дагы далай жерлерде жалаң куда-сөөк, таеке-жээн, күйөө бала, өкүл балдар толуп баратат деген кептер деле жөн жерден чыгып жатпаса керек. Бул туурасында «Фабула» гезити да ушу шейшемби күнү жарыяланган санында «финансы булагын, фискалдык тармакты, экономикалык кылмыштуулукту көзөмөлдөгөн органдарга жалаң түштүктөн кадрлар дайындалып, тең салмактуулук болбой жатканын» жазып чыгышты.
… Айтмакчы, «дейт» десе эле ушул экен деп «өзүнүн башындагы төөнү көрбөй бирөөнүн башындагы чөптү көрүптүр» болуп Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов дегенибиз «мен эл ичинде трайбалисттик маанайды ооздуктоо үчүн мыйзам долбоорун жазып жатам» деп опурулуп жатат, негедир эл оозундагы чындыкты күч аркылуу жапкысы келген маанайда. Муну айтканыбыз, ал депутат анчалык эле акыйкат болсо акыркы учурда бийлик короосуна жабалактап жайнап бараткан акалары менен үкаларына, «койгула, арыдан бери болгула, мындай көрүнүш күчөй берсе президентти уятка калтырып албайлы, мамлекет башчынын убалына калып жүрбөйлү, өткөн чакты унутпайлы» десе жарашмак.
Булак: «Айгай»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ