Menu

Бишкек шаардык кеңеши Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөөнү колдоду

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык кеңешинин сессияга катышып жаткан 40 депутат бир добуштан мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөөнү колдоду. Бул депутаттардын ишеним көрсөтпөө тууралуу сунушу боюнча жашыруун добуштун жыйынтыгынан кийин белгилүү болду.

Бул боюнча шаардык кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын депутаты Рысбай Аматов демилге көтөргөн. Аны депутаттардын баары колдоого алган. Бул боюнча протоколго шаардык кеңештеги фракциялардын баары кол койгон.

Бишкек шаардык кеңеши бүгүн кезексиз сессияга чогулган. Чукул чогулуунун себебин шаардык кеңештин төрагасы Алмазбек Кененбаев Бишкек шаарындагы саясий абал, мэриянын иши, аткаминерлерге козголгон кылмыш иштери менен түшүндүргөн. Шаардык кеңештин кезексиз сессиясын чакырууну беш фракция сунуш кылган.

Шаар башчы Албек Ибраимов өзү жыйынга келген жок. Жыйындын башында вице-мэр Бакыт Дүйшенбиев мэрдин милдетин аткарып жатканын билдирген.

Буга чейин биринчи вице-мэр Ринат Макенов Бишкектин №12 кичирайондогу 3,38 гектар жерди “мыйзамсыз бөлгөн” деген негизде камалган. Аны менен кошо мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзаканов да камакка алынган.

Кечээ мэр Албек Ибраимов Кыргызстандан качып кеткени тууралуу кабар тарап, бирок мэриянын басма сөз кызматы аны четке какты. Мекеме Ибраимов 10-июлдан 8-августка чейин эмгек өргүүсүнө чыкканын маалымдады.

“ТНК Дастан” ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу шек саналып жаткан Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) 13-июнда сурак берип чыккан. Факты боюнча 30-майда Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси (“Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү өзүнө ээлеп алуу жана коротуу”) менен кылмыш иши козголгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: