Menu

Тулада «кыргыз айылын» курууга тыюу салынууда

Бөлүшүү:

“Кайың барбы кыргыз балта чаппаган?”,- деп Сибирге сүргүнгө айдалган айтылуу акын Токтогул ырдагандай, өз жерине батпаган бир миллионго жакын кыргыз азыр чет мамлекеттерде өлбөстүн күнүн көрүшүүдө. Алардын көпчүлүгү Россияда. Жердештерибиз ал жакта көчө шыпырып, кара жумуш жасап эле жүрбөстөн, орус жарандыгын алышып, үй куруп, бутуна туруп да жатышат. Бирок мындан бир нече жыл мурда Орусиянын Тула облусунун Заокский районундагы Клищино айылында Кыргызстандан барган 427 түтүн эл жер үлүштөрүнөн ажыраганы турат. Анткени Заокский районунун депутаттар кеңеши июлдун башында 2016-жылы турак жай курууга берилген жердин статусун жокко чыгарып, жерди айыл чарбалык керектөөгө аныктаган. Төрт жүздөй кыргызстандык – жарымы Орусиянын жарандары, калганы кыргыз жарандары – ушул жакта жер үлүшүн сатып алып, каттоого туруп, кырктай үй салып коюшкан. Эми күтүүсүздөн бул аймакка отурукташууга тыюу салынууда. Орус бийлигинин күтүлбөгөн жагдайда эле оңкосунан кетип, ичи тарып жаткандыгынын себеби көрсө, мында экен. Себеби жергиликтүү  маалымат каражаттарында «Тулада кыргыз анклавы курулуп жатат» деген макалалар чыккандан кийин жергиликтүү бийлик ушундай чара көргөнүн жеринен ажырап калуу абалында турган жердештерибиз айтышууда. Алардын турак жайларын каттоого алуудан Росрегистр да баш тарткан. Азыр Кыргызстандын Москвадагы элчилиги Тула облусунун бийлиги менен сүйлөшүү жүргүзүүдө. Андыктан маселе оң жагына чечилип калар деп үмүт кылып туралы. Канткен менен дүйнөнүн бештен бир бөлүгүн ээлеген менен адам ресурсуна муктаж Орусия үчүн кыргыздардын жарандык алып, туракжай курушу жана аймактын өнүгүүсүнө салым кошуп жатышы коркунучтуу деле эмес го. Ушул сөздү кыргыз бийлиги океңдерге түшүндүрүп бере алар.

Булак: “Жаңы Ордо” 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: