Орусиянын Смоленск шаарынын автовокзалынан Кыргызстандын жараны, орустарда тыюу салынган террористтик уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу “Смоленск” мамлекеттик телеканалы маалымдады.
Алардын маалыматына караганда, ФККнын кызматкерлери чек арачылар биргеликте мамлекеттик чек арадан өтүү эрежесин бузган кишини кармашкан. Текшере келгенде, ал Кыргызстандын жараны болуп, “Таблиги Жамаат” террористтик уюмдун мүчөсү болуп чыккан.
“Бул жаран Москвада бир нече жыл бою мусулмандар арасында үгүт-насыят жүргүзүп жүргөн. Соттун чечими менен чет элдик жаран Орус Федерациясынын чөлкөмүнөн чыгарылат” – деп билдирди телеканал. Ал эми Кыргызстанда “Таблиги Жамаат” диний агымына тыюу салынган эмес.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ