КР Башкы прокуратурасы Бажы кызматынын экс-төрагасы Адамкул Жунусовго жана башка жооптуу кызматкерлерге карата Кылмыш-жаза кодексинин 304-“кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогону бүгүн, 13-июлда белгилүү болду.
Адамкул Жунусов 2014-жылы КР Бажы кызматынын төрагасы болуп иштеп туруп, өзүнүн мыйзамсыз буйругу менен ошол эле жылдын 2-кварталы үчүн өз кызматкерлерине 3,3 млн сомду сыйлык катары айлык акыга кошуп, таратып берген.
Башкы прокуратура кылмыш ишин тергөөнү КР УКМКнын Антикоррупциялык кызматына өткөрүп берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ