Menu

Фото – Өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо аракеттери жүрдү

Бөлүшүү:

Быйылкы жылдын алты айынын ичинде Жалал-Абад аймагында 2 жаратылыштык өзгөчө кырдаал катталган: бир өрт кырсыгы жана 1 жер көчкү. Өрттөн келип чыккан чыгымдардын жалпы көлөмү 16 миллион 480 миң 755 сомду түзгөн. Жер көчкүдөн зыян келген эмес. Техногендик, социалдык-биологиялык мүнөздөгү кырсыктар жүз берген жок жана андан жабыр тартуулар болбоду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү билдирди.

Мындан сырткары, шаар аймагында 32 жолу ар кандай өрт кырсыктары катталып, андан келтирилген материалдык зыян 17 миллион 250 миң 991 сомду түздү. Өткөн 2017-жылдын 6 айына салыштырмалуу быйыл өрт кырсыгынын саны 3 пайыз, ал эми өрттөн келтирилген материалдык зыян 48,9 эсеге көбөйгөн.

Өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын ыкчам аракеттеринен улам быйылкы 6 ай ичинде 20 жарандын өмүрүн сакталып калып, 1 мектептин имараты жана 6 турак жайлар корголгон. Мындан сырткары, 5 автоунаа жана 50 миллион 835 миң сомдон ашуун материалдык баалуулуктар сакталып, 1 мектептеги жана 1 бала бакчадагы балдарга кооптуулук жаратып жаткан коркунуч жоюлду.

Жарандарга жардам берүү боюнча аткарган жумуштар:

– кулптанып калган эшик ачуу -11 жолу;

– сууга чөгүп кеткендерди издөө-куткаруу иштери – 3 жолу;

– суу каптап кетүү коркунучунан сактоо иши 2 жолу жүргүзүлдү.

Калкты жана аймактарды сел, суу ташкыны, жер алдындагы суулардын көтөрүлүүсү, жер көчкү коркунучтарынан жана табийгаттын башка кырсыктарынан коргоо үчүн Тайгараев аймактын башкаруусунун Кыргызстан айылындагы 54 турак-жайды, 2 бала бакчаны, 9 гектар жер аянтын селден сактоо максатында ӨКМ тарабынан 1125 литр күйүчү май бөлүнүп берилип, шаар мэриясы тарабынан “Көк-Арт” дарыясынын 2017-жылы сел алган бөлүгүнө 50 метр шпора курулду. Ошондой эле, шаар мэриясы тарабынан 850 миң сом акча каражаты бөлүнүп, шаар аймагындагы “Сел-Арык”, “Хан-Арык”, “Чөкө-Арык” сел каналдарынын ылай, кум, шагыл толгон бөлүктөрү тазаланды.

54 турак жай, 9 гектар айыл чарба аянттары, 5 мектеп, фельдшердик-акушердик пункт, оорукана, 2 балдар бакчасы, 1 соода түйүнү корголду.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: