Menu

УКМК Албек Ибраимовду суракка чакырган, бирок ал келбей жатат

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго КР УКМК тарабынан суракка келүү тууралуу чакыруу кагазы берилген. Азыркы убакта ал келе элек. Чекисттер мэрдин суракка келишин күтүп жатышат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) расмий өкүлү Рахат Сулайманов “Азаттык” радиосуна билдирген.

Бирок Ибраимовго издөө жарыялана элек деп, интернетте тараган маалыматты четке какты. 15-июлда “Твиттер” социалдык түйүнүнүн “jnastaev” аттуу колдонуучусу Орусиянын Москва шаарындагы «Шереметьево» аэропортундагы паспорт көзөмөл бөлүмүндөгү тактайчада катуу изделип жаткан кишилердин сүрөтү турган монитордо Албек Ибраимов да бар экенин жазып чыккан.

13-июлда Бишкек шаардык кеңеши кезексиз сессиясында Ибраимовго ишеним көрсөткөн эмес. Эми депутаттардын бул чечимин премьер-министр жактырса, Ибраимов иштен алынат.

“ТНК Дастан” ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу шек саналып жаткан Ибраимов УКМКга 13-июнда сурак берип чыккан. Факты боюнча 30-майда Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси (“Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу жана коротуу”) менен кылмыш иши козголгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: