Menu

Кара-Сууда 4 баланын энеси асынып алды

Бөлүшүү:

Ош облусунун Кара-Суу районунда төрт баланын энеси өз жанын кыйды. Бул тууралуу Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө кечээ, 22-апрелде саат 13:10дор чамасында Кызыл-Кыштак айылынын Ишкаван айылындагы үйлөрдүн биринде аял асынып алгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. 

Аныкталгандай, 22-апрелде саат 12:30дар чамасында Кара-Суу районунун Ишкаван айылынын 32 жаштагы С.К. аттуу тургуну гаражда жоолук менен асынып алган. Анын жансыз денегсин туугандары табышкан. Анын 33 жаштагы күйөөсү Ж.К жана туугандары эч кандай дооматы жок деп соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартышкан.

Каза болгон 32 жаштагы К.С – Кара-Суу районунун тургуну, үч уул жана бир кыздын энеси, убактылуу эч жерге иштечү эмес.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: