Бүгүн, 21-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту абакта жаткан экс-генпрокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасын карап, аны 26-августка чейин абакта калтырды. Бул тууралу анын жактоочусу Рабига Садыкова билдирди.
Аида Салянова 2013-жылы апрелде ал генпрокурор болуп иштеп турганда “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ИИМ тарабынан 3-июнда кармалган.
5-июнда Аида Салянова сот тарабынан 26-июнга чейин камакка алынып, Бишкек СИЗОсуна жөнөтүлгөн.
15-июнда Аида Салянова абакта ден соолугу начарлагандыгына байланыштуу Бишкектеги Улуттук кардиологиялык борборго которулган.
Дарыланып жаткандыгына байланыштуу бүгүн Аида Салянова өзү сотко келе алган жок.
Улуттук кардиологиялык борбордон чыккандан кийин Аида Салянова кайрадан Бишкек СИЗОсуна жеткирилет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ