Menu

Видео – Көзү азиз акын Темирлан Ормуков оппоненттери Атамбаев менен Бекешовго 50 миң содук айыппулду 1 сомдук тыйындар менен төлөп берет

Бөлүшүү:

Экс-президент Алмаз Атамбаевдин режими учурунда куугунтукка алынган көзү азиз акын Темирлан Ормуков атамбаевдик чөнтөк соттор анын мойнуна салган 50 миң сом айыппулду Атамбаев менен Бекешовго 1 сомдук тыйындар менен төлөп берет.  Бул тууралу ал өзү фейсбук баракчасы аркылуу видеотасма таратып билдирди.

-Бул жерде жалаң 1 сомдук тыйындар менен 50 миң сом жыйнадым.  Сот менин мойнума илип койгон 50 миң сомду төлөйүн деп чечтим. 2013-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин Нарындыктарды койсуңар, Таластыктарды эл эмессиңер деге видеосун Ютубдан көрүп, өзүм Нарындык, Ат-Башылык болгондон кийин, эмнеге биз кой болушубуз керек экен? Биз кой болсок сен өзүң чабансың деп ыр жазып койгом. Кийин СДПКнын дүжүр депутаты Дастан Бекешев экөөбүз уруша кетип, ал менин ырымды көтөрүп барып “президенттин ар-намысын коргоп бергиле” деп Башкы прокуратурага арыз жазган. Башкы прокуратура үйүмдү камакка алып, жалган жалаа менен кылмыш ишин козгоду. Ага кошумча Бекешев мени сотко берип, жыйынтыгында Биринчи май райондук сотунун судьясы Мидин Жолдошалиев менден 50 миң сом өндүрүү боюнча чечим чыгарган. Учурда ал чечим токтоп турат. Анткени шаардык сот кылмыш иши кайра каралып жатканына байланыштуу аны токтотуп койду. Ошого карабастан мен акчаны төлөйүн деп чечтим. Анткени, чатак башталган кезде эле “акыр-аягы булар өндүрүп алат” деген ойдо акча чогулта баштагам. Жүрөгүм ооруп ооруканага жатканда адвокаттарым, активисттер, Рита Карасартова эсеп ачып, акча чогултуп беришкен. Мен дары-дармек алып, арткан акчаны тең экиге бөлүп, экөөнө берип коеюн деп чечтим.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: