Menu

Исламбек Турсунбеков, Айдаркен шаарынын тургуну: “Ою бузуктар ишканага суук колдорун салышпасын”

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Шарипович Жээнбеков «2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы» деп атайын жарлык чыгарды. Бул атайын мамлекеттик программа, өкмөттүк саясат. Демек ириде региондорду өнүктүрүү үчүн кошумча ишканаларды ачып, иштеп жаткан ири өндүрүштөрдүн ишин андан ары илгерилетүү болуп саналат.

Ансыз регион өнүкпөйт. Мына ошондуктан Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абулгазиев: «Кичи шаарларды, айыл аймактарын өнүктүрүү боюнча бар аракеттерди көрөбуз», -деп айтты. Тилекке каршы, мына ушундай шартта Жогорку Кеңештин депутаты Закир Шарапов Баткен областында жайгашкан Айдаркен Сымап комбинатын жаабуу маселсин байма-бай көтөрүүдө. Келтирген жүйөсү комбинат экологияны бузуп, элдин саламаттыгына зыянын тийгизип жатыптыр. Бирок жергиликтүү шаар тургундарды мындай жуйо менен макул эмес. Айдаркен Сымап комбинатына бүтүндөй бир шаарчанын тиричилиги байланганын айтышкан жергиликтүү эл, ПЕСАК сыяктуу арты будомук, атайын экономикалык диверс-сиялык саясаттын дагы бир уландысы катары ЮНЕП программам Закир Шараповдун колу менен Кыргызстана келип, Айдаркен сымап комбинаты сыяктуу саналуу ишканаларды түп орду менен жоюуу саясаты иштелип жатат дешип коңгуроо кагышты. Мындан улам, комбинатты жабууга каршы экендиктерин, жеке кызыкчылыгын ойлоп, мамлекетти, элди шорго малганы турган Шараповдун тизигин тартуу керектигин дагы айтышты.

– Жогорку Кеңештин депутаты Закир Шарапов трибунадан «Айдаркен Сымап комбинатынын шахтысынан чыккан суу, бары жокту курутат», – деп сүйлөп жатат. Ушунтип дагы калп айтабы? Бул депутаттын айтаар сөзү эмес. Тескерисинче шахтадан чыккан суу ичүүгө жарай турган таза суу. Шаардын айланасындагы айылдар жерлерин сугарат, өздөрү да ичишет. Эгер комбинат токтоп, шахта иштебей калса, эл суусуз калып, түшүм албай калышат. Бул комбинат биз үчүн ыйык, иштеши керек. Канчалаган шаар тургандары ушул комбинатта иштеп, үй-бүлөсүн багып, тиричилик кылышууда. Эгер комбинат жабыла турган болсо, шаардын жашоосу токтойт. Жер үлүшү, же башка ишкана жок эл эмне менен жан сактайт? Ушул нерсени эл өкүлү ойлондубу? Жок. Жеке кызыкчылыгын ойлоп, элдин турмуш-шартына башын ооруткусу келбейт. Мен ушул шаарда жашап, иштеп 81 жашка чыктым. Комбинат зыяндуу болсо, шаарда эл кырылып калат эле го. Ошол себептен ою бузуктар ишканага суук колдорун салышпасын. Ансыз да Шарапов комбинаттын профилакториясын менчиктештирип алды. Бул маселени Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков, Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абулгазиев көзөмөлдөп комбинаттын иштешине бут тоскондорго чара көрүшүн талап кылабыз…

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 86 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: