Алмаз Атамбаевдин колдоосу менен өзүнүн түшүнө кирбеген кызматка – КР УКМКнын төрагалыгына жеткен “агроном-журналист” Абдил Сегизбаев “атасы” Атамбаевди тез эле сатып кетти. Жаңы бийликке “Атамбаевге экинчи жолобойм, анын жаңы бийликке каршы чагымдарына катышпайм” деп убада берип, азыр өзүнүн керт башын аман сактап жүргөнүнө ыраазы. Атамбаевдин тушунда Бишкектин Эркиндик бульварына эрте менен же кеч ден соолук үчүн дегендей эркин басып чыкчу. Кээде жанына Атамбаев аркылуу тапкан досу Болот Сүйүнбаевди кошуп алып басышчу. Жумушуна да Эркиндик бульварынын башындагы, “Газпром-Кыргызстан” ишканасынын жетекчиси Болот Абилдаев салган үйдөн алган элиттик батиринен жан сакчысын ээрчитип алып, Эркиндик бульварынын аяк чениндеги жумушуна жөө басып барчу. Жээнбеков президент болгондон бери Абдил Сегизбаев Эркиндик бульварынан эркин баса албай калды. Болот Сүйүнбаеви да көрүнбөйт. Такыр эле жоголушту.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ