Menu

Ташкент-Тамчы аба каттамы токтоп калды

Бөлүшүү:

Эски-жаңы бийликтин бир жетишкендиги – кошуна Өзбекстан менен акыркы 10-15 жылдан бери сууп кеткен мамилени жумшартып, чек аралардын ачылышы, соода-сатыктын жанданышына шарт түзгөндүгү болду. Өз кезегинде мурдагы президентибиз А.Атамбаев бир айда Ташкентке эки ирет барып-келип, өзбек президенти Ш.Мирзиёев да Бишкекке расмий иш сапар жасаган. Мындай ‘келиң-келиң, алың-алың” мамилеге жетине албаган биздикилер ГЭСтерди биргелешип курууну убада кылып, кайтарып алган төрт пансионатты өздөрү барып кайра беришкен. Андан тышкары эки өлкөнун кошуна облусттары маданий, экономикалык кызматташтыкты жургүзүп, мазары менен базары бир кыргыз, өзбек элинин алака-катышы 25 жыл мурда кандай болсо, азыр да ошол нугуна түшүп баратат. Өзбек ашыналар эрте бышкан жашылча-жемиштерин бизге саткандан тышкары жай мезгилинде Ысык-Көлгө эс алууга келишип, Ташкент-Балыкчы поезди, Бишкек-Ташкент автобус жана Тамчы-Ташкент аба каттамдары жанданган. Бирок өткөн жумада Өзбекстандын Ташкент шаарынан Ысык-Көлдөгү «Тамчы» аба бекетине багытталган аба каттамы токтоп калды. Бул каттамды езбекстандык аба компаниялары жүргүзүп келген эле. Ошол эле кезде айрым маалымат каражаттарынын “Өзбекстан аба жолдору” компаниясына шилтеме берип жазганына караганда, жүргүнчү аз болуп, каттам өзүн актабагандыктан токтотулган. Достук мамиледен тыйынды биринчи орунга койгон ашыналар эгер пайда түшпөсө, бекер эле күлүп да бербей тургандыгы бештен белгилүү. Андыктан кеткен чыгымы өзүн актабаган сон, аталган аба каттамы тогготулгандыгы айдан ачык. Деген менен бул жөн гана экономикалык жагдайбы же бир кезде өтө эле “сизиң-бизиң” батып кеткен Бишкек менен Ташкенттен мамилеси өз калыбына түшүп баратабы…?

Булак: Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: