“Тамерлан Ибраимов мырза, сиздин коррупцияга каршы күрөштүн алкагында МАИ кызматын реформалоо боюнча азыркы айткан сөздөрүңүз туура жана колдойм. Биз МАИ системасын тез реформалашыбыз керек. Бул маселе менин да көкөйүмө көк талкандай тийди. “ГАИ пара алат!” деп эле айыптап жатышат. МАИ пара алат экен, жарандар пара беришет экен. Анан коррупцияны жойбойт деп Жээнбековду айыпташат. Ошондуктан биз МАИнин реформалоо боюнча атайын топ түзүп жаттык эле, сизди ошол топту жетектеп берүүгө чакырам, МАИни реформалоого жардам бериңиз”, – деди бүгүн, 19-июлда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жарандык сектордун өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда Саясий укуктук изилдөөлөр борборунун директору Тамерлан Ибраимовго кайрылып.
Тамерлан Ибраимов ошол жерден макулдугун берди.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ