Menu

Аскар Медетовдун өлүк “объективизмиминен” таратылып жаткан сасык идеялардын түпкү мүдөөсү кайсы?

Бөлүшүү:

Редакциядан: Буга чейин белгилүү адабий сынчы, филология илимдеринин кандидаты Аскар Медетовдун адабиятчы Кадыркул Даутовдун чыгармачылыгына сын макалалары биздин гезит аркылуу жарыяланып келген. Жакында редакциянын астанасын аттаган Кадыркул аксакал Аскар Медетовдун сынына жообу бар женин билдирген соң, бул сапар карыянын кебине кезек берип көрдүк.

«… Китептеги мыкты макала, албетте, көлөмдүн теңинен көбүн ээлеген Барпы Алыкулов жөнүндөгү эмгек. Ал катардагы бир макала эмес, көптөгөн маңдай терди агызган, зор билим менен изил-дөөчулүк өнөрдүн (таланттын) ширөөсүнөн бүткөн олуттуу или-мий иш, жанры боюнча адабият таануу очерки. Арийне, азыркы көлөмү (135 бет), жазылыш мада-нияты аны монографияга жакын-датат, бирок жалпы структур асы, фактылык негиздери, илимий аппараты монография деп айтарлык деңгээлге жете элек.

Деген менен кеп иштин атында эмес, затында го. Анын сыңарын-дай, Кадыркул Даутовдун бул эм-геги ушул турушунда эле буга чейин Барпы жөнүндө эч ким айта да, жаза да албаган бийиктиктеги новатордук эмгек катары туюлат. Минтип айтууга эмнелер негиз берет?…»

Академик Абдыганы Эркебаев

«…Он, он беш жылдын ары-бе-рисиндеги өсүш кайда? Эмпи-риялык деңгээлден илимий-тео-риялык деңгээлге көтөрүлгөн, тематикалык талдоодон анали-тикалык, эстетикалык талдоого өткөн адабият таануубуз менен сыныбыз кайда? Табиттин кыл-даттыгы, сергектиги жагынан К.Даутовдун поэзиянын түркүн проблемаларына арналган «Поэзия-талант», «Жаңылык-изденүү», «Нукура поэзиянын таламынан» макалалары же Барпы менен Бай-дылданы ачкан макалалары кан-тип эле «Ак Мөөрдүн арманынан» (К.Укаев) томен турсун?…»

Аскар МЕДЕТОВ, Ала-Тоо, 1988. Окт. №10.156-6

Ж.Баласагын атындагы КУУ-нун мугалими А.Медетов же или-мий изилдөө эмес, же адабий сын эмес; эстетикага таптакыр тиеше-си жок, кожогой тил, коркулдаган одоно жарым-жартылай үйрөнчүк журналисттик стиль, бузулган маани-мазмун менен ашатылып чыккан беш макаласын калың окурман журтчулугунун колуна тийгизди. Алар «Сынчы Кадыр-кул Даутовдун субъективизми же Барпы мактоого муктажбы?» деп аталган.

Реалдуу факты – мисалдарды атайылап ашынган карасанатай-лык менен өзөгүнөн чирип кирген саясатка салып бурмалап, адам-дык ыйман-салабатын какшыта жутуп, жанын жалмап калп ай-тып, баш-аягы алмашып, үзүндү-кесинди көрүнгөн логикасыз, тан-тырак сүйлөмдөрдөн чампалап кураштырган бул «баалуу» эмге-гин «Азия Ньюстун» (2017-жыл-дын 23-ноябрындагы №46, 270) санынан баштап тынымсыз беш жолу жарыялады (бир жолкусу башка ат менен – «Бекбол Айдаров» деп чыкты). Баягы эле темп, баягы эле жеп жиберчүдөй кы-жынуу.

Мындай чабуул коюштун соду кандайча тагдыр күтүп кала-ры деле ойго алынбай, жалган-ды жата калып шыдыратып, туш келгендин баарына төшү менен бир тийип “ойкуйт да, кыйкыйт ак чардак» болуп өзүнө-өзү батпай, чоң илимий жаңылыктарды ачып таштагансып турган маалы го… Болсо-болор, кантсе да соз жен жеринен кененирээк козголгону турган эместир. Көтөрүлчү илимий, адабий, саясый, тарыхый, адамдык сапат жөнүндө маселе-лердин чындап ортого ташталчу да, конкрет предмет абалында ай-кын ачылып чыкчу учуру да накта маалында келген өндөнөт.

Сабаттуу окурман Аскар Меде-тов жарыялаган макаланын те-масын кандай мааниде этап жат-каны менен, төрт-беш сүйлөмүн окуганда эле кайсы жанр, кайсы предмет бутага алынып калганы н дапдаана сезип-туйбай койбойт. Автор кандай «тон» менен үн салып турганын, айрыкча улуу тоо-нун аркы бетиндегилерге атайылап жасалма мамиле түзүп, Токто-гул менен Барпынын бар дүйнөсү-нүн көбүн азайтып, бийиктигин пасайтып көрсөткүсү келет. Буга таңкалба, төмөнүрөөктө баарын ачык, так көрөсүң. Ал эми башка жактыктарга жогун барга айлан-тып, үнүн бийик чыгарып алыш кадимки көнүмүш адаты. Макала ушу л тондо атайын кеңири план менен түзүлгөн. Буга кыйладан бери ар кыл иштерди жүргүзүп келаткан топтун да түздөн-түз ка-тышы бар (төмөндө ачыкка чы-гат)… Мындан да тагыраак айт-сак, моюнга салынган заказдын сөзсүз түрдө жүзөгө ашырылчу туруктуу чечими.

Дегинкиси А.Медетовдун тулку табияты ушундай: оозуна эмне келсе ойлонбой эле коюп калат, эч кандай жоопкерчилик, этика деген жок болот. Каалагандай оз-гөрүп, каалаган жакка бурулуп кете берет. Жалган айтып, жанын жеп жибериш да сезилип-сезил-бей жутулуп турчу абадай жеңил кетет. Анын бардык жасалган жа-на алдыда жасалчу иш-аракетине жан киргизип турган «талант» ку-дуретинин эң зор сырларын дал ушундан караштырып баксаң, көрбөгөндү көрсөтүп, билбеген-ди айкын билгизип берет. Ошого ырастап ыкласыңды коюп, ак-ка пягын айныбай ажыратып алууга  кылдат дитивди буруп, дилиңци төшөп кара, урматтуу окурман!

Адабият менен илимге кызык-кан ышкыбоздор биринчи кезек-те «деги А.Медетовдо табият тар-туулаган, же эне сүтү менен кошо келген көркөм сезим, тубаса шык-жөндөм, зыңгырататартылган болот зымдай күчтүү логика, анали-тикалык ой жүгүртүү, чыгарманы кылдаттап ичкертен эстетикалык иликтөөгө алуу чеберчилиги, те-реңдеп кеткен илим-билим дең-гээли, адамдык абийир тараза-сынын чен-өлчөм жоопкерчилиги деген абдан олуттуу маселелерге көңүл бургузгудай даана сапат белгилер сезилеби? Өзү тим эле жаратылышынан ашкере ойчул-философ сыяктанып макаласы-нын темасын да «Сынчы Кадыр-кул Даутовдун субъективизми» деп койгону (азыр көрөбүз аны – К.Д.) жөн жеринен бекен, ал өзүнүн нукура илим-билимдүү профессионал философ катары бийиктеп алганын тааныткысы келгениго…

Өсүш бар окшойт, А.Медетов качантан бери бизге объективизм менен субъективизм маселелери боюнча жаңыча лекция окуп калган? Деги булар жөнүндө өзүнүн элементардык түшүнүгү болду бекен? Эгерде болсо, бүтүнкү улут-тук ац-сезимдин кайсы баскычын-да турат? Мисалы, Азиз Салиев, Табылды Абдылдаев тариздүү табият берген ойчулдук талант, системалуу түрдө жалаң филосо-фиялык категориялар менен эр-кин кабылдап, ошол децгээлде айтчусун эркин түшүндүрүп чы-гып, сөздүн толук маанисинде, профессионал философтор менен элдик даанышман ойчулдардын биримдиги менен өзгөчөлүктө-рүн даана жана так ажырата билет бекен? Ырчы-төкмөлөр менен жазгыч акындардын, алар менен терец адабий теориялык билими бар, нукура профессионал адис-че көркөм чыгарманын эц башкы сапаттык артыкчылыгын алдына кашкайта тизип алып көрсөтүп жаткансып, өпкөсүн делдекте-тип күүлөндүргөн ойлору бизди клдыресе ишендире алабы? Элде «миц айткандан бир көргөн ар-тык» делет эмеспи. Анда абстракт-туу сөздөн каралчу предметтин табигый өң-түсүн, ички-сырткы курулушун, табият тартуулаган мүнөзүн тең карашып, тең өлчөп баалашууга өтөлү.

Аскар Медетов адегенде оозун минтип ачат: «Ырасында эле Бар-пы жөнүндө (ырлары – К.Д.) мур-дагы эмгектерде калпыс маалы-маттар менен бурмаланган «түзө-түүлөр» арбын экен… таалим тар-биясына каныктырып чыгарган өз мектеби, өз устаттары да жа-салмаланып каралып жүрүптүр» деп жазат. «Саргара жортуп, жы-йырма эки жылдан бери иликтеп жүрсө, бир топ документтерди, архивдик материалдарды тапкан го, төкмө ырчынын жети атасы-на чейин сүрүштүргөн го» деген ниетте китепти барактадык. Бирок белгилүү адабиятчы М.Борбу-гулов, Ж.Таштемиров баш болуп айтып кеткен хрестоматиялык маалыматтардан башка акындын чыгармачылыгына, ата-тегине же аны тарбиялап чыгарган мектеби-не байланыштуу жацы материалдарды жолуктурбадык».

Сөз узарып кете электе ушул жерден адабиятчыбыздын айт-кандарына бир кайрылып ала-лы. А.Медетов менен Барпыны мурда караштырып өткөн айрым адабиятчылар менен акын-жа-зуучулардын кыскача пикирлери (басмага даярдаган редакторлор менен ички рецензенттердин да тиешеси бар), болгондо да алар партиялык саясаттын талабынан бааланган, апыздын эч нерсесин жарытып ача алган эмес. Анча-мынча гана маалымат берет. Совет доорунда «партия, Ленин, Сталин» деп арбыныраак ырдалган ырларын элге таратууга, мектеп-тер менен жогорку окуу жайла-рынын программаларына кирги-зүүгө пайдасы тийгендир.

Ал эми А.Медетов ысымы ыйык тутулган улуу окумуштуулардын бири сыяктуу өзүнө адаштыргыс жол көрсөткүч, бекем тирөөч, шер байлаткыч зор күч катары улам-улам кайталап атын этап жаткан Ж.Таштемиров өзүнүн «Барпы Алыкулов» (Фрунзе, 1957) деген брошюра тибиндеги чакан ките-бинде Барпыны Барпы аталтып кеңири тааныткан философиялык санат ырлары менен санат табыш-мактарынан бир-эки мисал кел-тирип, алардын түбөлүк сырла-рын таап, өэ? маалында алдьщкы адамдардын аң-сезим деңгээли кайсы даражага чейин кетерул-гөнү тууралуу чымындын изин-челик бир нерсени көзүнө урунта алдыбы? Эч кандай, таптакыр жа-раган жок. Андай ой жугуртууге жеткирчү жөндөм баарына эле тартуулана бербейт.

Экинчиден, бардык баш-аяк-сыз чексиздикти, бардык улуулук дүйнөсүн ороп, байланыштырып турган улуу күч – Аалам курулушу, анын ички жана сырткы сырлары-нан кандай маанилүү белгилерди көрүп, ордуна келтирип ырдай ал-ды? Ушул эле Аалам курулушунун беш элементин Барпыдан башка ким «Айт десеАаламды айт, Аа лам алга кадамдайт. Ар түркүн өнөр чыгарган, Ааламдагы Адам-ды айт» деп күн системасына байланган элементтердин табия-тын, өзүнүн күчү, болгон тушу-нугу жеткиче бийиктен ун салып өткөн деп кайсы ырчьщды корсете аласың?

Куду ошол системанын арасын-да жашап журуп, алардын оздеру но да оц таре типгирин тийгн иш житиим -Ар туркун «мир чы»»1> гаи, Ачмшдшы Адчмды (Him /и м анын чен жсткис улуулугу мпи н тапкычтыгын, мээрбандыгы менен мыкаачылыгын кыргыздын Карынбай, Бальзактын Гобсек, Гоголдун Плюшкин, Садриддин Айнинин Кори Ишкамбасындай сараңдар менен Жоомарт сындуу марттардын, жеке мүнөзүн тута-шынан ачылып кыймыл-аракст-теги сүрөткө түшүрүп койсо, кээ-де майда деталь, штрихтер менен эле узун өмүрлүүтүркүн адамдар-ды жаратып таштаганы тууралуу кокустан бир жолу оозу ачылып кеткен учуру болдубу? Масштабы ушул. Ашып кетсе бир сезон-дук алдамай саясаттын торунда чырмалып калган адам башка эм-нени көрөт?

Үчүнчүдөн, Ж.Таштемиров өзүндө эне сүтү менен кошо келген аналитикалык акылдын, күч-түү интуиция менен эстетикалык көркөм сезимдин жандуу урук-тары ойноп турган терец билим-дүү чоң таланттардан эмес. Орус жолдоштор айткандай, болгону «работяга». Бир ырлар жыйна-гын («Жүрөк сыры» – 1960), беш аңгемелер топтомун, үч повестин чыгарды. Бирок, алардын бири да көркөм чыгарма катары аты атал-ган жок, бир да жанрдын ичинде тизмеге илинүүгө жарабай, качан эле келген жагына кайта тартып дайынсыз дүйнөсүндө дым-дым болушкан. Кыргыздардын ичинде эч ким аны акын-жазуучу деп атаган эмес. «Сынчылык» менен фольклористтиги да өтө чектелүү. Жашы туптуура кырктын кырына чыкканда гана Тоголок Молдонун чыгармачылыгы боюнча канди-даттык диссертациясын жактаган болду. Ошол чакта өзүнөн он эки-ден он жети жашка чейин кичүү А. Салиев, Ш.Үмөталиев, К.Асана-лиев, К.Укаевдерге окшоп мурда-гылардан бир далай айырмачы-лыгын көрсөтүп, жаңыча үн сальш чыга алды беле? Кайдан дейсиң…

А.Медетовдун каралчу объекти-нин ичине кирбей, реалдуу чын-дыкты деталдаштырып, тактап көрүп, маселе кайсы зарылчы-лыктан улам коюлуп жатканы ою-на да келбей туруп эле «Белгилүү адабиятчы М.Борбугулов, Ж.Таштемиров баш болуп айтып кеткен хрестоматиялык маалыматтардан

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: