Ош шаарындагы ижарага алып жашап жаткан батирине эки кичинекей кызын кароосуз калтырган келин табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан 1-февралда кабарлашты.
Белгилүү болгондой, 31 жаштагы кыздардын энеси 12 күн мурун жумушка кеткен бойдон кайтып келген эмес.
«Өзүн кыздардын энеси катары тааныштырган 31 жаштагы келин бүгүн Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгына келген.
Өз жоругун ал жашоо-шартынан улам Кара-Сууга ашпозчу болуп иштеп кетүүгө аргасыз болгондугу менен түшүндүргөн. Учурда аны менен тиешелүү мекемелердин кызматкерлери иш алып барууда»,-деп билдиришти милициядан.
Айта кетсек, эки кичинекей кызы менен Өзгөн көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин бир бөлмөсүн ижарага алган келин бир күндөн кийин кыздарын үйгө таштап кетип 10 күн дайынсыз болгон. Бул убакыт аралыгында батирдин ээси балдарга тамак-ашын берип, аларды караган.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ