Menu

Сооронбай Жээнбеков: “Соттордун артында турган Манас Арабаевди жок кылдык, эми сотторду жарандык коом көзөмөлдөш керек”

Бөлүшүү:

“Камактагыларды чыгаргыла дейсиңер, аны мен жасай албайм, аны сот жасаш керек. Азыр соттордун артында турган Манас Арабаевди жок кылдык, эми сотторду жарандык коом көзөмөлдөш керек, чоогу көзөмөлдөйлү. Сот бирөөнү актап абактан чыгарса сот жакшы, Жээнбеков жакшы дешет, сот бирөөнү актабай, абактан чыгарбай койсо сот жаман, Жээнбеков жаман дешет, биз мындай адаттан арылышыбыз керек. Жарандык коом көзөмөлдөшү зарыл,” – деп билдирди президент Жээнбеков кечээ, 19-июлда жарандык сектордун лидерлери менен болгон жолугушууда.

“Кыргызстанда жарандык коом чоң күч. Азыр мага айтышты бизде 30 миңдей бейөкмөттүк уюмдар бар экен, анын 11 миңи каттоодон өтүптүр, алардын ичинен 3 миңи активдүү иштешет экен. Жарандык коом коомчулукка таасир бере ала турган күчкө айланды”, – деди Жээнбеков.

“Мен президенттикке келгенде мурун жабылып же токтотулуп калган кылмыш иштерин  кайра баарын көтөргүлө деп тапшырма бердим, буга чейин 2262 токтотулган, 1146 жабылып калган  кылмыш иштери бар экен,  баарын карап жатышат, азырынча 583 ишти кайра жандандырып иликтеп жатышат”, – деди президент Жээнбеков.

Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ, 19-июлда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жарандык сектордун 40 лидери менен жолугушуу өткөрдү. Алгач 2 саатка белгиленген жолугушуу кызуу талкуулар менен 4 саатка созулуп кетип, анан аяктады. Анда бүгүнкү кыргыз мамлекетинин алдында турган ар кандай көйгөйлөр менен тобокелчиликтер талкууланды.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: