Бүгүн, 24-июль күнү таңда Бишкек шаарынын Октябрь районунун Сагынбай Каралаев көчөсүндө жайгашкан «Зимняя Бухта» кафесинен өрт чыккан. Бул туралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
Өрттү өчүрүүгө саат 07:51де КР ӨКМнин Октябрь райондук №5-Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, саат 08:03тө КР ӨКМнин Свердлов райондук №7-Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, саат 08:04тө Штаб, саат 08:22де КР ӨКМнин Свердлов райондук №3-Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган, жалпы 3 бөлүм тартылып, саат 08:35те Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан КБУ менен ыкчам топ чыгып тартылып “Зиняя бухта” кафесинен чыккан өрт саат 08:39да чектөөгө алынып, саат 09:18де толук өчүрүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ