Тайванда сумо күрөшү боюнча Азия жана Дүйнө чемпионаттары катар өттү. Мелдештерге Кыргызстандын желеги астында Тилек Усупов (абсолюттук салмакта) жана Алмаз Эргешов (115 килограммдан жогорку салмак) катышышты. Бул туралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги маалымдайт.
Азия чемпионатынын финалында кыргыз балбандары 2 коло медалды жеңип алышты.
Ал эми Дүйнө чемпионатында болсо Алмаз Эргешов 5-орунду ээледи.
Аталган мелдешке катыштуу үчүн Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын бюджетинен 95 миң сом бөлүнгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ