Menu

Журналист Улан Эгизбаевдин акыркы күндөрү тууралу учкай эскерүүлөр

Бөлүшүү:

Айзада Касымалиева, “Азаттык” радиосунун Бишкектеги директору: “Төртүнчү күнү келиптир Улан “эс алып келе калайынчы” деп суранса көңүлүнө карап, макул болуп койбодумбу, эми жибербей эле койсом болмок экен деп кейип жатам… Дем-күч топтоп келбесем аябай чарчап кеттим, жакшы эс алып келейин, сентябрдан баштап жаңы сезондо жаңы иликтөөлөрдү баштайм деди эле…

Равшан Жээнбеков, “Асыл-Таш” пансионатынын ээси, экс-депутат: “Улан мага бешинчи күнү телефон чалып “көлгө эс алайын деп келдим эле, мүмкүн болсо силердин “Асыл ташка” барайын” дегенинен, мен “биздикине кел” деп макулдаштык. Бирок бир топ убакыттан кийин чалып “мен келе албай калдым, “Акун” пансионатында досторум эс алып жатышкан экен, ошолор менен чоогу эс алайын деп “Акунда” калдым” деп калды. Көрсө ажал айдап турган экен ал жакка…

Каниет Жыргалбеков, Уландын досу: “Акун” пансионатынын ээси Чыныбай Турсунбековго Улан өзү биринчи СМС жазып сүйлөшкөнүн Уландын телефонунан окудум. Ал СМСте Улан Чыныбай Акуновичтен бир жатак бөлмө сураган. Чыныбай Акунович “Менин атымдан барып, бекер эле эс ала бер” деп жооп жазган экен. Экөөнүн мамилеси абдан жакшы болучу. Анан “Акун” пансионатына орношкондон кийин сүрөттөрүн Инстаграмга чыгара баштаганда жүрөгүм тынчсызданып, сүрөттөрүн жүктөбөй эле койсо болмок экен деп калдым эле.  Улан эки жыл мурун да көлдө бир сууга чөгүп кетип, аман калган болчу. Анан “бир ажалдан калдым” деп өзү айтып жүрчү…

Чыныбай Турсунбеков, “Акун” пансионатынын ээси, КСДПчы депутат: “Улан Эгизбаевди мен атайылап чакырып өлтүртүп койгонсуп баары жамандап жатышат. Улан менин коногум болду. Экөөбүздүн мамилебиз жакшы болчу. Мен эми аны эс алдырганым үчүн дагы күнөөлүүмүнбү? Сиз жакка барып эс алып кетейин дегенинен колуман келген сыйымды көрсөтөйүн деп макул дегем. Эми социалдык тармактагы айрым колдонуучулар журналистти мен атайын чакырып жамандык кылгансып пикир жазып жатышат. Колуман келишинче сыйымды көрсөттүм. Аягында “Акун” пансионаты, Чыныбай Турсунбеков күнөөлүү деп жатып калышты. Кудайды карап кеп кылыш керек да. Ал жакта катерлер жүрөт. Алардын мотору иштегенде суунун түбүндөгү кумду шилеп салып чуңкур пайда кылышы мүмкүн. Улан түшкөн жерде бир-эки чуңкур бар окшойт. Биз аларды текшерип, атайын белги коюп жатабыз…”
Адилет Чубаков, КТРКнын журналисти: “Эмнеге сууга чөккөндөр көп катталып жатат?  “Акун” пансионатында жаңы эле бир окуя болду. Пляжга киши башына 300 сомдон алып киргизип жаткандан кийин куткаруучуларды дагы коюш керекпи? Бирок пансионаттын кызматкери же куткаруучу 15 минута өткөн соң келди жээкке!!! Азыр баланы “тез жардам” алып кетти эс учун жоготкон абалында. Жараткан амандыгын берсин. Бул жерде кирүү акысына 300 сом алып жаткан “АКУН” пансионатынын жоопкерчилиги канчалык?

Жан дүйнөм жанчылып турат! Сени суудан көтөрүшүп чыгып, маңдайында карап отуруп тааныбай калдымбы? “Улан” деп арасынан бирөө айтса, жүзүңө тигилип карап ЖОК дегем. Ыйманы саламат болсун!

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 + = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: