Menu

Майыптарга кол сунулду

Бөлүшүү:

Турмуштун жагдайынан кеп кылсаң ар кандай ракурста жайгашкан. Ачуусу бар, таттуусунун да кезеги келген, кубанычын узатып, кайра кайгысын берген жашоонун өзү бумеранг. Мамлекети кембагал, көпөстөрү май чайнаган замандын албуут күндөрүн санап бүтө албаган шордуу катмар да бар экенин неге айтууга болбосун? Анткени жаман менен жакшы, канкор менен боорукер, бай менен кедей катар эле басып оокатын кылып жатпайбы? Демек, ушундай турмуштун күбөсү болуп жүрө берерибиз калп эмес. Айрыкча майып балдардын, жетишпеген оокаттын азабына кабылгандардын күн көргөнү курусун деп коңгуроо какканыбыз менен алардын казанына аш салып берчү мамлекеттин азыркы абалы анчалык алымсындырбайт. Ошону баамдаган айрым көкүрөгү сезгич мекендештер кайрымдуулук фонддорун түптөшүп аракетин жасап жатканы анча-мынча болсо да сүйүнтөт.

Маселен, “Ырыскелди Талас коому” фондунун юридикалык кагаздарын алганына анчалык көп убакыт боло элек. Ошентсе да мурдатан бери эле анын негиздөөчүсү Бермет Жээнбаева ар кандай учурда майып балдарга мээримин төгүп келгени ырас. Кесиби боюнча да ушул жаатка бап келген бул айымдын жакындагы кайрымдуулук ишине өзүбүз күбө болдук. Ош базарынын чордонунда жайгашкан кеңсесине барганыбызда күн ысыктыгына карабай келгендер опурап-топурап калганын байкадык. Алардын басымдуу бөлүгүн майып балдар ээлесе, жанында арабасын түртүп келген энелери, бир туугандары жүрүштү. Кызыл-тазыл шариктер илинип, чатырчалар коюлуп тигилерге камкордук көрүлгөнү ачык сезилди. Агылып келгендердин ичинен кадимки таанымал ырчыларды көрүп ичибиз кубанычка бөлөндү. Алып баруучулукту мойнуна алган Майрамбек Мамыров келгендерди зарыктырбай микрофонду колго алып баштап жиберди. Арийне, биринчи болуп алдыга кайрымдуулук фонддун башчысы Бермет Жээнбаева чыгып, келген майып балдарга ыроолонгон сөзүн жаадырды.

Андан соң күттүргөн ырчылар кезектешип “сахнага” чыга башташты. Салима Балтаеванын, Алымкан Таштанбекованын, Ширин Камчиеванын, Райкан Абдувалиеванын мукам ырлары алакан чаптырды. Куудул, ырчы Назира Жетигенованын тамашалары, жайдары ырлары келгендердин чечекейин чеч кылды. Берметтин классташтары чыгып ушул жакшы саамалыктын ээси-Бермет Жээнбаевага ийгиликтерди каалашты. өзгөчө Гүлжазы деген курбусу активдүүлүгүн айгинелеп, акырына чейин биз менен чогуу болду. Кочкораалы уулу Азиздин да көмөгү зор болгонун кыстара кетели. Акырында келген майыптарга белектер, таттуулар берилип, жылуу тилектер айтылды. Жок дегенде кээде ушинтип эч ким кабар албаган майып балдардын көңүлүн көтөрүп койгондун өзү чоң алкоого барабар эмеспи? Бар болсун, эне мээрими төгүлгөн жакшылыктар, деп баяныбызга чекит коелу?.

С. Жороев

Булак: Ачык сөз

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: