Menu

Өзбекстан менен Казакстандын ортосунда жаңы автобус каттамы ачылды

Бөлүшүү:

Өзбекстан менен Казакстандын ортосунда Ташкент — Кызылордо — Ташкент багыты боюнча эл аралык автобус каттамы ачылды. Бул тууралуу өзбек басылмалары «Узавтотранс» агенттигинин басма сөз кызматына шилтеме кылып билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-июлдан тарта аталган багыт боюнча күнүнө бир жолудан каттам аткарылып турат. Van Hool үлгүсүндөгү автобустар Ташкенттен Кызылордону көздөй жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00дө чыгат. Автобустар чек арадагы «Гишт куприк» (Өзбекстан) жана «Жибек Жолы» (Казакстан) көзөмөл-өткөрмө бекеттер аркылуу өтүшөт.

Каттамдын узундугу 583 чакырымды, узактыгы 10 саат 30 мүнөттү түзөт. Ташкенттен Кызылордого чейин билет баасы 97 миң сум, Кызылордодон Ташкентке чейин 3800 теңге (11 доллардын айланасы) болот.

Быйыл Өзбекстан борборунан Ташкент-Алматы-Ташкент, Ташкент – Шымкент – Ташкент, Ташкент – Бишкек – Ташкент, Ташкент – Хожент – Ташкент багыттары боюнча туруктуу төрт эл аралык автобус каттамы ачылган. Алар аркылуу бүгүнкү күнгө чейин 40 миңден ашык жүргүнчү ташылды.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: