Menu

АКШда үч казак жараны «алдамчылыкка» айыпталууда

Бөлүшүү:

АКШда «алдамчылык жана акчанын изин жашыруу» иши боюнча Казакстандын үч жараны айыпталууда.

24-июлда жарыяланган Кошмо Штаттардын Юстиция министрлигинин билдирүүсүндө казак жарандарынан тышкары бул иш боюнча дагы 22 киши айыпталып жатканы айтылган. Алардын арасында Азербайжандын, Грузиянын, Латвиянын, Түркиянын, Украинанын жана АКШнын жарандары бар.

Маалыматка караганда, айыпталуучулар интернетке автоунаа сатыла тургандыгы жөнүндө жарыяларды жайгаштырып, алдангандардан алынган акчаны жалган компаниялар аркылуу АКШнын сыртына которуп турушкан.

Бул схема 2016-жылдын ноябрынан 2018-жылдын июлуна чейин иштеп келгени кабарланууда. Шектүүлөр мындай жол менен төрт миллион долларга жакын акча табышкан.

Алдамчылык кылуу жана акчанын изин жашыруу үчүн кутумга баруу беренеси менен айыпталып жаткан шектүүлөр 20 жылдан 30 жылга чейинки мөөнөттөргө түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: