Menu

Жалал-Абаддын “гүбүрнатыры” Кыянбек Сатыбалдиев кызматынан “кыйшайганы” калдыбы?

Бөлүшүү:

Өткөн айда Жогоркү Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшуү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине Майлы-Суу шаардык кеңешинин депутаттарынан коллективдүү кайрылуу келип түшкөн. Анда Майлы-Суу шаарындагы Ту Көк-Таш балдар бакчасынын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүүдө расмий документтер бурмаланып жасалганы, кызмат абалынан кыянат пайдаланууга жол берилгени баяндалат.

Эске салсак, Кыянбек Сатыбалдиев Майлы-Суу шаарында мэр болуп турганда, Ту Көк-Таш балдар бакчасынын курулушу үзгүлтүккө учураганы, ортодон миллиондор желип кеткени каңкууланган, натыйжада, акыйкаттуу иликтөө болсо ачыкка чыгабы?..

Депутаттардын кайрылуусу укуктук баа берүүнү талап кылгандыктан, комитет Мирлан Жээнчороев жетектеген жумушчу топтун маалыматын угуп, КР өкмөтүнө өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалиевге карата көрсөтүлгөн баардык фактылар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүнү, анын бул кызматта мындан ары иштөө маселесин кароону, башкы прокуратурага баардык мыйзам бузуу фактылары боюнча ар тараптуу, объективдүү иштөөнү камсыз кылууну, мыйзам бузууга жол берген кызмат адамдарына карата чараларды көрүүнү, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка Майлы-Суу шаардык кеңешинин депутаттарынын кайрылуусунда көрсөтүлгөн экономикалык кылмыштардын баардык фактылары боюнча кылдат жана объективдүү текшерүү жүргүзүүнү тапшырды.

Жогорудагы мамлекеттик органдар чечимдин аткарылышынын жыйынтыгы тууралуу комитетке 1-августтан кечиктирбей маалымат берүүгө тийиш. Буга чейин К.Сатыбалдиевдин губернатор жана мэр болгондогу кезинен берки «былык иштери» иликтенип келгени, аныгында, «бармак басты, көз кысты» болобу, же коррупционер катары коомчулукка жарыяланабы? Эгерде Акүй адилеттүү карап, калыс тергөө болсо, Кыянбек кызматынан эле «кыйшайбай», камалып да кетиши мүмкүнбү?..

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: