Menu

Калыкбек Султановдун кыңыр иштери унутта калууда

Бөлүшүү:

Бакиев режими кулагандан кийин Калыкбек Султанов «Ата Мекен» партиясын каржылап, бийлик короосуна кирүү менен министр болгону эсибизде. Убакыттын өтүшү менен Өмүрбек Текебаев оппозицияга оогондо Султанов президенттин аппаратына өтө качып, Алмазбек Атамбаевге кеңешчи болгон.

Учурда шефин чанып, Сооронбай Жээнбековдун ишенимдүү адамына айлана албай, чоң кызмат да буюрубай, эки анжы ойдо чайналууда. Дал ушул Калыкбек 2010-жыддан бери Бишкек шаарындагы жерлерди ченебей алганы, «Авангард Стиль» курулуш компаниясын гулдөткөнү баарына белгилүү. Эмне үчүн тергөө органдары мындай шектүү адамдын өткөн чагына кызыгып көрбөйт? Кыргызстандагы кыска аралыкта байып кеткен олигархтардын сап башында Калыкбек Султанов турганын унутууга болбойт да. (2010-жылдан бери бул эргул бизнесте жүрүп байыса бир жөн эле, тескерисинче, жол транспорт министри, президенттин кеңешчиси, ж.б. кызматтарды аркалап, мультимиллионер болгону калппы?)

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: