Бишкекте кечээ, 25-июлда №38-каттамда жүргөн эл ташыган автобус жана «Toyota Aristo» үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышты. Кырсык болжол менен саат 7.55тер чамасында Фрунзе жана Курманалиев (мурдагы Армавирская) көчөлөрүнүн кесилишинде болду. Алдын-ала маалыматтарга караганда, ондон ашык жүргүнчүлөр Чүй облустук ооруканасына жеткирилген.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ