Бүгүн, 26-июлда Бишкек шаардык кеңешинин КСДП, “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары кирген көпчүлүк коалициясы 8-августта өтө турган Бишкек шаарынын мэрин шайлоого талапкер катары Азис Суракматовду сунушташты. Бул тууралу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.
Бүгүнкү жыйынга катышкан коалиция мүчөлөрү КСДПнын Азис Суракматовду талапкер катары көрсөтүү сунушун колдоп беришкен.
Азис Суракматов 2008-2010-жылдары БШКны (Бишкек шаардык кеңешин) жетектеген. Ошондой эле ар кайсы жылдарда ал Бишкек мэриясынын курулуш жана архитектура боюнча көзөмөлдөө башкармалыгында иштеген. Бишкек башкы архитектура кызматынын жетекчисинин орун басары кызматын аркалаган.
2008-жылы Бишкек шаардык кеңешине президент Курманбек Бакиевдин тизмеси боюнча депутат болуп шайланган.
2010-жылы КР Жогорку Кеңешинин V чакырылышына “Ата-Журт” партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп шайланган.
2015-жылы КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышына президент Алмаз Атамбаевдин тизмеси менен КСДП партиясы аркылуу катышкан жана азыр тизмеде кезек күтүп турат.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ