Menu

Сууга чөгүп бараткан адам кинодо гана кыйкырып, кол булгалап, жардамга чакырат. Турмушта андай эмес, көздөрү алаңдап, үрөйү учуп, үн чыгарбайт

Бөлүшүү:

Жарандык активист Мирбек Маматкасым сууга чөгүп бараткан адамдарды куткаруудагы өзүнүн тажрыйбалары менен бөлүшөт: 

“Жакынкы бир айдын ичинде эле 5 адамдын сууга чөгүп кете жаздаганына күбө болдум. Анын үчөөсүн суудан мен алып чыктым. Үчөө тең кыздар – бири өспүрүм, экөө бойго жеткен. Чөгө баштаган алгачкы минутасында эле көрүп калдым, ошондуктан атайын жардамдын (жасалма дем алдыруу ж.б.) кереги тийген жок. Какап-чакап, жуткан сууларын өздөрү чыгарып, шалдырап отуруп калышты. Үч учурдун биринде, кызды өзүнүн достору сууга түртүп жиберип, каткырып күлүп карап турушту, тиги чөгүп жатканын түшүнүшкөн да жок.

Чөгүп бараткан адамды кантип ажыратып билүүгө болот экенин билбесем, балким, куткаруу татаалыраак болмок.

Кинодо гана чөгүү учурунда адам кыйкырат, колдорун булгалап жардамга чакырат. Турмушта андай эмес. Көздөрү төптөгөрөк болуп алаңдап, үрөйү учкан кебетеси гана белги болот. Кээде көзү жумулуу да болот. Бетин карабасаң, сууда ойноп жатат деп ойлой бересиң. Үн чыгарбайт. Денеси тик, бир аз чалкалап турат. Суунун үстүнө бети гана чыгып турат, оозу менен аба жутканы аракет кылып жатканын байкоого болот. Болду, ошол эле. Ойноп жаткан адамдан эч айырмасы жок. Суу тунук болсо, тепкичке чыккандай кыймылдарды жасап, буттары кыймылдап жатканын байкоого болот.

Өзүм да жашыраак кезимде 5 жолу чөгүп кете жаздагам. Төртөөндө башка адамдар куткарса, бешинчисинде, каналга агып кеткенимде, суунун агымы тайыз жерге чыгарып коюп аман калгам.

Студент кезимде Бишкектеги бир көлмөдө солдат жигит чөгүп кетип, аны жандандырууга катышып калгам, оозмо-ооз жасалма дем алдырып, жүрөккө кыйыр массаж жасап. Тилекке каршы, жигитти тирилте албадык, чөккөн учурунан 10 мүнөттөн кийин гана куткаруучулар денесин таап чыгышкан эле. Мээге 6 мүнөт кычкылтек барбаса, адам өлөт. Тез жардам да бат эле келди, алардын 45 мүнөттүк аракети да пайда бербеди, албетте.

Ошол оор психологиялык жүктүн таасири менендир балким, жыл сайын жайкы сезондо 20-30 жолу бассейнге барып, сууда сүзүүнү жакшыраак өздөштүрүүгө жана балдарыма да үйрөтүүгө аракетти токтотпой келем.

Сууда сүзүү жөн гана сергүү жана ырахат эмес, ал керектүү өнөр. Сөзсүз балдарыңарды үйрөткүлө”.

Мирбек Маматкасым

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: