Menu

Рахмон чет өлкөлүк туристтердин Тажикстандагы өлүмүнө байланыштуу кесиптештерине көңүл айтты

Бөлүшүү:

30-июлда Тажикстан президенти Эмомали Рахмон өлкө аймагындагы жол кырсыгынан чет өлкөлүк туристтердин каза болгондугуна байланыштуу АКШнын президенти Дональд Трампка, Щвейцариянын президенти Ален Берсге жана Нидерландынын падышасы Виллем-Александрга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«Биз Тажикстандын аймагындагы жол кырсыгынан велосипед менен бараткан чет өлкөлүк жарандардын каза болушун терең кайгыруу менен кабыл алдык. Өлкөнүн тиешелүү кызматтары бул окуяга күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча бардык чараларды көрүп жатышат», — деп жазылган телеграммада.

Мамлекет башчы мерт болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Буга чейин кармалган Абдусамадова Х. аттуу жарандын көрсөтмөсү менен дагы эки киши кармалды. Алар төрт чет өлкөлүк туристтин өмүрүн алып, дагы үчөөсүн жаракат кылган жол кырсыгына тиешеси бар деп шектелип жатышат.

Топтун дагы башка мүчөлөрүн издөө боюнча ыкчам-иликтөө иштери уланууда.

29-июлда Daewoo Leganza үлгүсүндөгү унаа Тажикстанды велосипед менен кыдырып жүргөн чет өлкөлүк туристтер тобун сүздүрүп кеткен. Андан Нидерланды менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болгон.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − 32 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: