КР Каржы полициясынын Бишкек шаардык башкармалыгына “Ш.Э.” аттуу жаран Свердлов райондук салык инспекциясынын кызматкери андан пара талап кылып жаткандыгы боюнча арыз жазып кайрылган. Бул тууралу Каржы полициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Каржы полициясынын бул окуя боюнча жыйнаган материалдарын карап чыгып, Бишкек шаардык прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 313-(2-б.) пара талап кылуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.
27-июль күнү Каржы полициясы аталган кылмыш ишинин алкагында Свердлов райондук салык инспекциясынын улуу инспекторун өз кабинетинде 15 миң сом пара алып жаткан жеринен кармады.
Азыр тергөө-иликтөө иштери улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ