Быйыл Кыргызстанда сууга чөгүп өлгөндөрдүн саны 80ге жетти. 17си жаш балдар. Алардын 58и туристтик сезон учурунда кырсыктагандар. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын көбү мас абалындагы эс алуучулар же кароосуз калтырылган балдар экенин айтып жатат. Ал эми коомчулук болсо эс алуучу пансионаттардагы куткаруучулардын саны жана сапаты тууралу маселе көтөрүшүүдө. Мунун баары учурунда КР өкмөтүнүн тиешелүү деңгээлде иш алып барбаганында!
Деги эле эс алуучулардын коопсуздугуна кайсы мамлекеттик орган жооптуу? Куткаруучулардын санын көбөйтүүгө пансионаттарды ким милдеттендирет?
Ар дайым кеч ойлонгондой түр жараткан премьер министр М.Абылгазиев эки күн мурун мамлекеттик экология жана экотехникалык коопсуздук агенствосу менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчыларын чакырып, «туристтик сезондогу пансионаттардын абалын жакшылап карал чыккыла» деген тапшырмасын берди. Э-ээ кокуй, жай аяктап баратат, буга чейин өкмөт эшек такалап жүрүштү беле? Мындай ишти обычно ала жазда баштачу эле….
Булак: Айгай пресс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ