Menu

Ооруканада дарыланып жаткан Алмазбек Атамбаевдин абалы канаттандырарлык

Бөлүшүү:

КР президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармасынын клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абалын дарыгерлер канааттандырарлык деп баалашууда. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда анын адвокаты Сергей Слесарев журналисттерге билдирди.

Анын айтымы боюнча, ал ооруканага шаршемби күнү барган.

“Алмазбек Атамбаев абалы жакшы. Ал мага дарылоонун жүрүшү жөнүндө айтып берди. Эч начарлоосу жок. Жасалма дем алдыруу аппаратына туташкан эмес. Азырынча ооруканадан качан чыгарылары белгисиз. Коронавируска тапшырган анализинин жыйынтыгы терс” – деп билдирди адвокат.

Ал Алмазбек Атамбаев Москвада дарылоо үчүн россиялык “Кант” авиабазасынан атайын борт менен кетет деген кептерди четке каккан да, тастыктаган да жок.

“Мен бул жөнүндө эч нерсе билбейм. Эгер чынында эле жасала турган болсо, анда расмий түрдө болот го. Бирок алар мага мындай нерсе даярдалып жаткандыгын билдиришкен жок. Бирок, баары болушу мүмкүн.  Эгер Алмазбек Атамбаевди башка жакта жана башка дарыгер дарылаш керек деген чечим чыкса, которулушу деле толук мүмкүн”

Белгилей кетсек, 29-июнда УКМКнын тергөө абагында жаткан Алмазбек Атамбаев ден соолугу начарлап жатканын айткан. Андан коронавируска ПЧР-тест алынып, анын жыйынтыгы терс чыккан. Ага “эки тараптуу пневмония” диагнозу коюлган. 30-июнда Алмазбек Атамбаев дарылоо үчүн абактан ооруканага которулган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: