Menu

Министр Кашкар Жунушалиев ачык айтып, ак сүйлөдү

Бөлүшүү:

Өткөн жумада Ички иштер министрлиги 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарып, басма сөз каражаттары үчүн маалымат жыйынын өткөрдү. Ага ИИМдин борбордук аппаратынын жетекчилери, Башкы башкармалыктардын башчылары, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун милиция башкармалыгынын башчылары катышты. Белгилей кетүүчү нерсе министр Кашкар Жунушалиевдин бардыгын ачык айткандыгы болду. Жакшысына кубанганын, кемчилик иштерге кейигенин жашырган жок.

Резонанс жараткан кылмыш иштеринин ачылбай калуу себептери

2018 жылдын 6 айында Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун Жарлыктарын, анын ичинде “Аймактарды өнүктүрүү жылы жөнүндө” Жарлыгын, Коопсуздук кеңешинде койгон тапшырмаларын, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн токтомдорун, анын ичинде Өкмөттүн “Ишеним, Биримдик, Жаратмандык” программасынын негизинде, коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытында иш-чаралар жүргүзүлдү. Бирок, борбордук аппараттын жана жер-жерлердеги жетекчилердин “чеке жылытарлык” ишинин жоктугунан, айрым белгиленген иш-чаралар аткарылган эмес” – деп билдирди К.Жунушалиев маалымат жыйынында.

Министрдин айтымында биринчи жарым жылдыкта 14339 кылмыш иши катталса, иликтөөнүн жүрүшүндө 12830 кылмыш иши козголгон жана ички иштер органдарынын тергөө бөлүмдөрү тарабынан 8896 кылмыш иш иликтенип сотко өткөрүлгөн. Ошол эле убакта өткөн жылдардын жана 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы кылмыш иштерин иликтөөнүн жүрүшүндө, жалпысынан 10661 кылмыш ишинин бети ачылган.

“Ачылбай калган кылмыш иштеринин себеби бирөө эле. Анткени, мында отурган жетекчилер кызматтык бөлмөлөрүнөн чыкпай, эл менен иш алып барбай, ар бир кылмышты көзөмөлгө албагандыгы үчүн, ушундай абал жаралган. Натыйжада, коомчулук арасында резонанс жараткан кылмыш иштери ачылбай калып жатат”, – деди министр.

Элдин милицияга болгон ишенимин кайтаруу керек

Айта кетүүчү нерсе, ИИМ министринин минтип өз иштерине сын көз менен карап, ачык-айкын сүйлөшү кулакка жакшы эле угулат экен. Ал ИИМ кызматкерлеринин алдына коюп жаткан талаптарынын бири элдин милицияга болгон ишенимин кайтаруу багытында болуп жатканын мындайча билдирди: “Эгерде эл милицияга ишене баштаса, ошондо милиция иштей баштайт. ИИМде элдин ишенимин арттыруу боюнча чаралар көрүлүүдө. Анткени ички иштер органдарына болгон элдин ишенимин жогорулатуу эң башкы максаттардын бири. Милиция кызматкерлери элдин алдында кесипкөйлүк жана жана адамкерчилик жактан жогорку критерийлерге ээ болушу керек”.

Аныгында, эл менен милиция кызматкерлеринин ортосунда ишенимдин жоктугу, көпчүлүк адамдар тарабынан милиция кызматкерлери укуктук жактан таяныч-сүйөнүч, ар кандай кырдаалдарда кеп-кеңеш сурап кайрыла турган ишенимдүү укук коргоо кызматкери катары кабыл алынбай жаткандыгы өтө өкүнүчтүү. Бул барыдан мурда милиция кызматкерлеринин өзүнө да байланыштуу экендигин (анын кесипкөйлүгүнө жана адамдык сапаттарына) белгилеп кетти министр.

“Кой терисин жамынгандар” кодуланат

Ошондой эле ИИМ министрлиги өз катарларын тазалоого да аттанып киришкендей. “Милициянын формасын жамынып алып коррупциялык иштер жана баңгизат кылмыштуулугу менен алектенген фактылар дагы жок эмес. Ички иштер органдарынын кызматтарында кызматтык тартипти бекемдөө менен кесиптик жана күжүрмөн даярдыктан өткөрүү керек. Ушундай  комплекстүү кадамдар милиция кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатып, учурдагы кылмыштуулук менен татыктуу күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот”, – деди К.Жунушалиев.

Фактыларга кайрылсак. ИИМ коллегиясында (13-июлда) 2018-жыддын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктары каралып, анда кетирилген кемчиликтер боюнча чечим кабыл алынып, жалпысынан 92 жетекчиге тартиптик жаза берилсе, анын ичинен 15 жетекчи зэлеген кызмат ордунан бошотулуп, 77 жетекчиге тартиптик жаза жарыяланып, 2 жетекчи ээлеген кызмат рдунан тез арада ротацияланыптыр

Аймактарды өнүктүрүүдө ИИМдин да салымы бар

Министр Кашкар Жунушалиев андан ары жети облусту түгөл кыдырып, жер-жерлерде иштеп жаткан милиция бөлүмдөрүнүн иши менен жеринде таанышып, бир катар чараларды көргөндүгү тууралуу мындай деди: Президент Сооронбай Жээнбековлун 2018-жыл, аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялаган Жарлыгын жана Өкмөттүн “Биримдик, Ишеним, Жаратмандык” программасынын талаптарын аткаруу максатында Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарындагы жана Ош шаарындагы милициянын бардык бөлүмлөрүн кыдырып чыктым. Жер-жерлерде эл менен жолуктум. Быйыл аймактарды өнүктүрүүдө – биздин да ролубуз жогору. Анткени коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүүнүн сапаттык денгээлин көтөрүү, милиция кызматкертеринин жана ардагерлеринин социалдык көйгөйүн чечүү дагы аймактарды өнүктүрүүгө кошкон салымыбыз деп эсептейм”.

ИИМди реформалоо уланат

Ал эми ИИМ министрлигин реформалоо багытында да бир катар иштер жасалып жатканына токтолгон министр К.Жунушалиев сөзүн мындайча жыйынтыктады: “ИИМдеги реформаларды улантуу боюнча тиешелүү чараларды көрөбүз. Биз коопсуздуктун учурдагы талаптарын эске алуу менен кыргыз милициясынын тарыхында сакталып калган мыкты тажрыйбаларды колдонушубуз керек. Реформалоону өнүктүрүүдө эң башкысы коомчулуктун ишенимине ээ болуу үчүн коомдук тартипти жана копсуздукту камсыздоочу системаны түзүү керек. Ал үчүн бийликтин ар бир бутагы менен кызматташып, жарандык институттар менен бирге баштаган реформаны, белгиленген программаларды жана долбоорлорду иш жүзүнө ашыруу жана элдин милицияга болгон ишенимин кайтаруу зарыл”.

Айрым фактылар:

– Алты айдын ичинде 1425 жаран ИИМ жетекчилигинин жеке кабыл алуусунда болгон. Ошондой эле жарандардан 3746 арыз жана даттануулар келип түшкөн.

– ИИМдин иликтөө кызматы 6 айдын ичинде 3981 материалды караган.

– ИИМдин өздүк курамынын арасында коррупциялык көрүнүштөрдү, мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти бузгандары үчүн жарандардан 965 даттануу келип түшкөн. Кызматтык иликтөөнүн негизинде 836 корутунду чыгарылган жана 3145 тактама түзүлгөн. Кызматтык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы менен 92 кызматкер иштен иштен айдалып, 77 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган жана 1166 кызматкерге ар кандай тартип жазалары берилген.

– 2018-жылдын жарым жылдыгында Прокуратура органдарына 557 материал жөнөтүлсө, анын ичинен 45ине кылмыш иши козголгон.

Темирбек Алымбеков

Булак:  «Кыргыз Туусу»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 + = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: