Menu

Казакстанда жүк поезди рельстен чыгып кетти

Бөлүшүү:

Жамбыл облусунда жүк поездинин вагондору рельстен чыгып кетип, жүргүнчү поезддердин жолу бөгөлдү.

“Казакстан темиржолу” мамлекеттик компаниясы билдиргендей, жүк поезди 31-июль күнү эртең менен Кашкантеңиз-Жастар өтмөгүнүн Мойынты-Шыганак бөлүгүндө рельстен чыгып кеткен. Жабырлануучулар жок.

Жүргүнчү поезддер үчүн жол Астана убактысы боюнча 18:00дө ачылары кабарланууда.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жүк вагондорунун рельстен чыгуусуна бир вагондун капталындагы алкагынын сынып кетиши себеп болгон. Окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: