Бүгүн, 23-марттан тарта Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда 2019-жылдын 7-8-августтундагы Кой-Таштагы окуялар боюнча соттук отурум башталды.
Бул иште 14 адам айыпталып жатат. Алардын бири мурунку президент Алмазбек Атамбаев.
КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаеванын айтуусу боюнча, Атамбаев соттук отурумга алынып келинген.
“Анын ден-соолугу калыбында, азыр өзүн жакшы сезип жатат жана маанайы дагы көтөрүңкү”,- дейт Жолдубаева.
Соттун имаратында соттолуучулардын жакындары келип колдоо көрсөтүп жатышат.
Соттук процесске Марат Садыков судьялык кылып жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ