Menu

Токтогул ГЭСине быйыл жаңы орнотулган кытай агрегаттары коркунучтуу газ бөлүп чыгарып жатышат, Бишкек ЖЭБиндей авария болуп кетпейби?

Бөлүшүү:

“Биз Токтогул ГЭСинен чалып жатабыз. Эсиңерде болсо Токтогул ГЭСинде былтыр авария болуп, 1975-жылдары Украинадан алып келип орнотулган эки агрегат 43 жыл иштеп, эми иштен чыкты деп чечим чыгарышкан. Ал агрегаттардын ордуна КМШ өлкөлөрүнөн ошондой эле стандарттагы трансформатор алып келүүнүн ордуна бийликке караштуу жеке менчик компаниялар тендерден утуп, Кытайдан сатып келишкен. Бир трансформаторду быйыл март айында орнотуп, эксплуатацияга беришкен болучу. Анын үстү кызып, азыр саргайып кетти. Экинчисин азыр орнотуп бүтүштү эле анысы түтөп, бир газ бөлүп чыгып, адам чыдабай тургандай сасып жатат, ал газ кокус от чыгып жарылып кетсе эмне болот?”, – деп бүгүн, 31-июлда өздөрүн Токтогул ГЭСинин жумушчуларыбыз деп тааныштырган жарандар билдиришти.

“Ошондо эле адистер кытайдын өндүрүшүнөн чыккан трансформаторлор биздин ГЭСтин жабдыктарына төп келбейт дешсе бийлик укпай койгон. Эми трансформаторлор жарылып кетсе Токтогул ГЭСинде да Бишкек ТЭЦиндей авария болбойбу? Биздин үнүбүз жетпей жатат, силер жогору жактагыларга кабарлап койгулачы, келип текшеришсин. Баса, биздин бийлик жарабай калды деп чыгарып салган эки трансформатордун бирин биздикилер металлоломго тапшырганын уккан украиндиктер бизге жетип келип, экинчисин кызылдай акчага сатып алып, Украинага жүктөп кетишти. Бул жерде да бир мандем бар”, – деп жалдырашты бизге байланышка чыккан жумушчулар.

Бул маалыматка комментарий берүүнү суранып, биз энергетика тармагы боюнча белгилүү эксперт Расул Умбеталиевге кайрылдык.

“Ооба, Токтогул ГЭСиндеги жабдыктардын баары негизинен Россиядан же КМШ өлкөлөрүнөн, болгону ошол эки трансформаторду бийлик адистерди укпай Кытайдан алып келип коюшту. Биз учурунда бийликти эскерткенбиз, эки башка стандарттагы жабдыктар эксплуатациялоо учурунда сбой бериши мүмкүн деп. Эгер азыр трансформатордун бири кызып саргайып жатса, экинчиси зыяндуу газ бөлүп чыгарып жатса тез арада көз карандысыз комиссия түзүп, жеринде барып текшерүүгө бийлик уруксат бериши зарыл”, – деп билдирди эксперт Расул Умбеталиев.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: